(Эркектердин эсине)
Үйдүн куту-берекеси албетте акылдуу атага байланыштуу болот. Бактылуу үйдө эрдин да, аялдын да айтканы болбойт. Бактылуу үй-бүлөдө Алланын айтканы болот. Үлгүлүү үй-бүлө болуу үчүн эң алгач эркек киши аялынан эки эсе акылдуу, сабырдуу, мээримдүү, боорукер, кечиримдүү, берешен жана эң негизгиси айкөл болуусу керек.... Айбанга таптоо, аялга мактоо жагат-деп айтат улуулар. Аялыңдын кемчилигин жашырып, жакшылыгын арттыра бил.
Аялды жедирип-ичирүү, кийинтирүү, ден-соолугун кароо эркек кишинин түздөн-түз вазыйпасына кирет. Өз вазыйпаңды аткар жана аны милдет кылба. Сенден башка эч кимди тааныбай туруп, сага ишенип сенин тууган уруктарыңын арасына бир өмүргө келгенден кийин, бир гана сен аялыңа жардамчы болосуң. Айрыкча аялың боюна бала бүткөндөн кийин кылдат мамиле кыл. Анткени ар бир жасаган аракетиңдин жакшы-жаман жыйынтыгын төрөлө турган балаңдан ТАБАСЫҢ. Ден-соолугу чың балалуу болгуң келзе, энесин этият кылгыла....
Урматым менен Идрис акын бир тууганыңыз
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев