Жардамчы болуп, сүйөбөй калган асканын,
Жашыңда көрдүң сахнанын кечин, ак таңын.
Жамалың арнап жумурай журтка тартуулап,
Жаштыкта калды маралдай аста басканың.
Кино деп жүрүп, кыйноону сезбей күнү-түн,
Күн чыгыш менен бирден-бир эле күлүшүң.
Өмүрдөн эрте кеткениң менен жан сабап,
Өзүңдү баалап, сүйгөндөр үчүн тирүүсүң.
Элетте калды "Ак мөөрдүн" кетпес элеси,
Эзилтет жанды укканда айтчу керээзи.
Кечиккен сүйүү, арзуусу болуп Болоттун,
Кемтик ай дүйнө берилбей кетти белеси.
Бир кезде намыс биримдик калыс башкарган,
Бир элге жагып, "Уркуя" ролун аткарган.
Кареги минтип жумулаар күнүн билбестен,
Каткырып жүрүп топонду чиркин жазданган.
Сүймөнкул жанды алыстан гана сүйдүргөн,
Сулуулук сунуп, назиктик менен күйдүргөн.
Сезимди эч ким жаныңда туруп айталбас,
Сен элең сулуу дүйнөнү бүтүн бүлдүргөн.
Кызарып чоктой, солк этип сокпой жүрөгү,
Кырдаган бойдон Соң-Көлдүн кетти чүрөгү..
Ортоктош бизге миңдеген анын аткарган,
Ролдору бүгүн, сулуулук жана сүрөтү.
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев