Пайгамбарыбыз ﷺ ооз ачуу үчүн мындай деп айтчу🌙
«Захаба- з-замма, ва-бталляти-ль-‘урук, ва сабата-ль-ажру ин щаа-Аллаах
Чаңкоо кетти, тамырлар нымга толду, Аллах кааласа сооп да пайда болду/» (Абу Дауд: 2357, сахих)
КАЙСЫЛ УЧУРДА ООЗ АЧУУ КЕРЕК?
Күндүн диски толук батары менен, ооз бекиткен адам, асмандын кызылына көңүл бурбай, оозун ача берүүсү керек.
ООЗ АЧУУГА ШАШЫЛУУНУН ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ ТУУРАЛУУ
Сахл ибн Са’дтан жеткен хадисте, Аллахтын Элчиси ﷺ айткан🌹«Адамдар ооз ачууларына шашылып жүргөндөрүнө чейин жакшылыкта боло беришет» (ал-Бухари 1957, Муслим 1092).
Орозону өз убагында ачыш керек. «5 минут кийин жаптым, кечинде 5 минут кечиреек ачам» деген болбойт. Эң жакшы адам — убактысы келгенде биринчилерден болуп ооз ачкан адам. Бирок, убактысы кире электе эле ачып жиберүүдөн сактануу керек. Себеби андай кишилердин жазасы бар, орозосу бузулат.
Кошумча окуу: Убактысынан эрте ооз ачып жиберген адам тууралуу хадис.
ЭМНЕ МЕНЕН ЖАНА КАНТИП ИФТАР КЫЛЫНАТ?
Сүннөт эрежелери боюнча оозду — жаңы бышкан же кургатылган курма менен, ал болбосо суу менен — ачуу абзел. Аллахтын Элчиси ﷺ айткан🌹«Силерден кимиңер ооз ача турган болсоңор, курма менен оозун ачсын, ал эми курма таба албаса, анда суу менен ачсын. Чындыгында ал тазалоочу» (Абу Дауд 2355)
СУРОО. Эгер орозо адам ооз ачуу үчүн эч нерсе таба албаса эмне кылуу керек? Кээ бирлериайтышат өз манжасын жалап койсо ооз ачылат деп, бул туурабы?
ЖООП. Жок, антиштин кереги жок. Ифтарга эч нерсе табылбаса орозосун ниети менен токтотот.
ООЗ АЧУУ УЧУРУНДА КЫЛЫНГАН ДУА-ТИЛЕК КАБЫЛ БОЛОТ
‘Абдуллах ибн ‘Амрдан жеткен хадисте, Пайгамбарыбыз ﷺ айткан🌹«Акыйкатта, орозо тутуучунун, ооз ачар алдында кылган дуасы кайтарылбайт (б.а. жоопсуз калбайт)». (Ибн Маджах 1753, ал-Хаким 1/422. Хафиз Ибн Хаджар, Ахмад Шакир хадистин сахихтигин тастыкташкан).
Орозону эмне менен ачуу керек?
Хурма менен, суу же сүт менен ачуу сүннөт. Булар жок болсо мөмө-жемиш же жашылчалар менен ачууга болот. Мисалы, зайтун менен ачылат. Отто бышкан нерсе менен, мисалы, нан, чай, шорпо менен ачпоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси🌙
"Ифтарды хурма менен ачкыла, анткени, ал - береке. Эгер хурма табылбаса суу менен ифтар кылгыла, анткени, ал - тазалоочу.” (И. Маже)
Бул темага байланыштуу башка хадиси шарифтер төмөндөгүдөй🌙
"Пайгамбарыбыз алейхиссалам жаңы бышкан хурма менен ифтар кылчу. Жаңы хурма жок болсо кургатылган хурма менен, ал да жок болсо суу менен ифтар кылчу.” (Тирмизи)
"Пайгамбарыбыз алейхиссалам ифтарын сүт менен дагы аччу.” (Даре Кутни)
"Пайгамбарыбыз алейхиссалам үч хурма менен же от тийбеген бир нерсе менен ифтар кылчу.” (Абу Йа’ла)
Ифтар дубалары🌙
Суроо: Орозобузду ачып жатканда же ачкандан кийин кандай дуба кылышыбыз керек?
Жооп
Орозо кармаган адамдын өзгөчө ифтарга жакын кылган дубасы кабыл болот. Үч хадиси шариф🌙
"Орозо кармаган адамдын ифтар убактысында кайтарылбай турган бир дубасы бар.” (Ибни Маже)
"Орозо кармаган адамдын дубасы кайтарылбайт.” (Тирмизи)
"Орозо кармаган адамдын ифтар убактысында кылган дубасын Аллаху таала артка кайтарбайт.” (Бейхеки)
Ифтардан мурда Аузу жана Бисмиллах окуп "Аллахумма йа васи’ал-магфирах игфирли ва ли-валидаййа ва ли-устазиййа ва лил-муминина вал муминат йавма йакумулхисаб” деп окулат. Мааниси🌙
"Эй, кечирими кенен болгон Аллахым! Кыямат күнү суракка тартылып жатканда мени, эне-атамды, устазымды, эркек-аял бардык момундарды кечире көр!”
Бираз жеп-ичкенден кийин🌙"Захабаззама’ вабталлатил урук ва саба-тал-ажр иншааллаху таала” – деп окулат жана тамак башталат. Кыскача мааниси🌙"Ачкалык, суусоо бүттү. Иншааллах сообуна да жеттик.” (Ибни Маже)
Пайгамбарыбыз алейхиссалам да төмөндөгүдөй дуба кылчу:
"Аллахумма лака сумту ва бика аманту ва алайка таваккалту ва ала рызкыка афтарту, фа такаббал минна. Иннака антас-самиул алим.” (Мааниси🌙"Эй, Рабби, ыраазылыгың үчүн орозо кармадым. Сага ыйман келтирдим, сага ишенип, таяндым. Ырыскың менен ифтар кылдым, ибадатымы кабыл кыл! Албетте,сен бардык нерсени Угуучу жан Билүүчү затсың.”) (Абу Давуд)
Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир жамааттын ичинде ифтар кылганда да мындай дуба кылчу🌙
"Дасторконуңарда орозо кармагандар ифтар кылсын, тамагыңарды такыбаа ээлери жесин жана периштелер силер үчүн истигфар кылсын!” (И. Ахмед)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев