Жума күнү бешим азаны окулганда
он алты рекет Жума намазы окулат♥
Алардын кезеги төмөндөгүдөй:
1♥ Адегенде Жума намазынын төрт рекеттик «алгачкы сүннөтү» окулат. Бул, бешим намазынын алгачкы сүннөтү сыяктуу окулат.
«Ниет кылдым Аллаху таала ыраазычылыгы үчүн Жума намазынын алгачкы сүннөтүн окууга, жүзүмдү караттым кыбылага», - деп, ниет кылынат.
2♥ Андан соң мечитте экинчи азан жана хутба окулат.
3♥ Хутбадан кийин коомат окулуп, жамаат менен Жума намазынын эки рекекттик фарзы окулат.
4♥ Жума намазынын фарзы кылынгандан кийин төрт рекеттик «акыркы сүннөтү» окулат.
Бул бешим намазынын алгачкы сүннөтү сыяктуу окулат.
5♥ Мындан кийин «Моюнума фарз болуп, өз убактысында окубай калган акыркы бешим намазынын фарзын окууга» деп ниет кылып, «Ахир зухур» намазы окулат.
Төрт рекеттик бул намаз бешим намазынын фарзы сыяктуу окулат.
6♥ Анан, эки рекет маалдын сүннөтү окулат.
Багымдат намазынын сүннөтү сыяктуу окулат.
7♥ Булардан кийин «Аятал-курси» жана таспихтер окулуп, дуба кылынат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
6чы 2ракат сүннөт намазы дейт. Буларды аткарсак оор келбестир тууганым.
Жума маарек болсун