Урматтуу окурмандар!!! бугунку темада;
"Суйуктуу Пайгамбарыбыз болгон Мухаммедин (с.а.в) ата-энеси болгон "Абдулла менен Аминанын" баш кошуусу" тууралуу болмокчу ...
Абдулла кун санап баралына жетип, келбети, сулуулугу менен элди озуно тарта баштады. Бирок ал айланасындагылардын жасаганына коп конул бурбастан, озунун ыйманын жана намысын сактачу. Суйуктуу уулунуну (Абдулланын) бойго жеткенин коргон абдулмутталиб ан озуно ылайыктуу бирооо менен баш кошуусун каалачу. Бирок ага (Абдуллага) бардык тарабы топ келген бироону табыш керек болчу. Абдулмутталиб озу каалагандай намысы таза бироону да тапты. АлБани Зухра уруусунун башчысы Вахб бин Абдиманафка барып, андан Амина аттуу кызын уулу Абдуллага турмушка беруусун отунду. Аминанын атасы Вахб мындай отунучту суйунуп кабыл алат; -Ээ, Абдулматталиб! Бул сунушту сенден мурун эле алганбыз. Аминаны энеси откондо бир туш коруптур. Айтканына караганда уйубузго бир нур кирип, айланага жарык чача баштаптыр. Мен да ушул туну тушумдо бабабыз Ибрахимди (а.с) кордум. Ал мага; "Абдулматталиб уулу Абдулланын никесин кызын Аминага мен кыйдым. Сен да аны кабыл ал"-деди. Бугун эртеменентен бери ошол туштун таасириндемин. Качан келер экен деп силерди кутуп жаттым эле. Муну уккан Абдулматталиб суйунгонунон "Аллаху акбар! Аллаху акбар" деп такбир келтирет. Вахбдын кызы Амина сулуулук жагынан болсун. Ахлак жагынан болсун, ата-теги жагынан болсун Курайш кыздарынын эн алдынкысы катары белгилуу болчу. Ал бардык тарабынан Абдуллага ылайыктуу болуп, ошол убакта Амина он торт жашта эле. Абдулла бул убакта жыйырма торт жашта болчу. Коп убакыт отпостон той откорулуп, акыркы Пайгамбар дуйного келе турган уй-булоо курулду. Тойдон бир нече жума отору менен бир нече кишилер тарабынан байкалган тан калыштуу окуя болуп отту. абдулланын мандайындакы жаркыраган нур эми Аминанын чекесинде жаркырай баштады. Демек, эми Амина Ааламдардын мырзасы болгон суйуктуу Пайгамбарыбыз Мухаммедке (с.а.в) кош бойлуу болуп калган эле . Жаш уй-булоонун курулганынан бери бир нече ай откон эле. Абдулла бир соода кербени менен Шамга жол алат. Мына ошону менен Абдулла кайра кайрылып келген жок. Бир нече айдан кийин Меккеге кайткан соода кербенинде Абдулла жок болчу. Бир кана кайгылуу кабар келген эле. Абдулла Шамдан келе жатып Мадинага келгенде катуу ооруга чалдыккан болчу. ошону менен аны жолдоштору ошол жердеки таякелеринин уйуно калтырып кетишкен эле. Бул кабарды уккан атасы Абдулмутталиб чон уулу Харисти ошол замат Мадинага жонотот. Харис Мадинага барганда болоор иш болгон эле. абдулла, келечекте торолчу уулунун бир дагы жолу жузун корбостон , туболуктуу ааламга жол алып. ошол жердеги Адий бин Нажар уулдарынан Набиганын уйунун короосуна коюлган. Харис бул кайгылуу кабарды Меккеге жеткирди. Меккеликтер коз ачып жумгуча кайгыга кабылышты. Абдулмутталибдин уй-булоосун терээн кайгы каптаган эле. Мекке калкы коз жаштары менен анын кайгысына ортоктош болушту.
Али жаш болгон Аминанын кайгысын айтууга коз жетбестир. Кайгылуу кабарды укканда Аминанын жан дуйносу эншерилди. Бир нече кун коз жашын токтото алган жок. ошол учурда адамдын коз жашын озунун нуру менен тазалай турган бир Пайгамбардын дуйного келишине эки ай кана калган болчу. Амина айым озунун башына тушкон оор кайгысын колдото тогуп. ырга айлантып кошок кылып кошту;
Медерим отуп дуйнодон
Меккенин коосу бош калды
Кайгыга салды жаш жанды
Хашим уулу бут боздоп
Каран тун эми башталды.
Кабырга ажал айдаган
Кабаттап кепин камдаган
Кырааным сендей асылды
Кыдырып таппас ааламдан
Жакындарын жыйналып
Жаназан ташыйт ыргалып
Жан биргем сенден ажырап
Жабыркап боздойм кыйналып
Сымбатын элден болокчоэМээримдуу жоомарт жан элен
Мезгилсиз ажал жайратты
Мээнеткеч элдин багы элен...
Абдулла жаны гшана уйлонуп, оз алдынча тутун булата баштаган кезинде о дуйно сапар тартты. ошондуктан, андан жарытылуу деле мал-мулк мураска калбады. Болгон мурасы булар эле;
Умму Айман Барака деп аталган, ааламдардын мырзасын озгочо суйгон кызматкер аял, беш тоо, бир нече кой, бир даана кылыч жана азыноолак кумуш акча.
А бирок, Аллах Тааланын мээрими менен Абдулла аркасына эки дуйнонун косому болчу эн сыймыктуу уул калтырды, нуру менен ааламды жаркыратар улуу инсан Мухаммед Пайгамбарды (с.а.в) калтырды...........
(Эскертуу! Бул маалыматтар Суйуктуу Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в) омур баяны аттуу китебирнен алынды. Эгер сиз окуянын калган уландысын окуп билгиниз келсе кабар калтырыныз. эгер окуп билуу учун талап кылган мекендештерибиздин саны басымдуулук кылса Аллах буйруп уландысын жазууга аракет жасайбыз Инша Аллах. (Кээ бир ката кемчилдиктер болсо алдын ала кечирим сураймын))
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев