Акыр заманда боло турган Кыяматтын чоң белгилеринен – бул Духан (Түтүн). Буга далил, Аллах ыйык Куранда Пайгамбарга ﷺ кайрылып айтат:
«Сен (аларга) асман анык түтүн алып келген Күндү күт. Бул жан ооруткан азап (Түтүн) адамдарды (мушриктерди) ороп алат. (Ошондо алар): «Оо, Раббибиз! Бизди азаптан куткар, биз (Сага) ыйман келтирели!» (дешет). Алар кайдан эсине келмек эле! Акыры, аларга анык баяндоочу Пайгамбар келди го».
(Духан сүрөөсү, 10-13-аяттар)
Ошондой эле Пайгамбардын ﷺ хадистеринен да далилдер көп. Хузейфа ибну Асийд, радыяллаху анху, айтат:
«Биз сүйлөшүп отурсак Пайгамбар ﷺ бизге келип: «Эмне жөнүндө сүйлөшүп жатасыңар?» деп сурады. Биз: «Кыямат жөнүндө» дедик. Ошондо Пайгамбар ﷺ: «Чындыгында, силер он белги көрмөйүнчө Кыямат болбойт» деп: Духанды (Түтүндү), Дажжалды, Дааббаны (Жаныбарды), Күндүн батыштан чыгуусун, Иса пайгамбардын асмандан түшүүсүн, Яжуж жана Мажужтун чыгуусун, үч жерде жер жутуунун болуусун: Чыгыштагы жер жутуу, батыштагы жер жутуу жана араб жарым аралындагы жер жутуу. Эң акыркысы, Йеменден чыккан от адамдарды Махшарга (Кыяматта чогула турган жерге) чейин кубалап баруусун айтты». (Сахих Муслим, 2901)
Ошондой эле Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ айтат:
«Кыяматтын алты белгиси болгонго чейин жакшы амалдарды кылууга шашылгыла: Күн батыштан чыкканга чейин жана Духан, Дажжал, Даабба (Жаныбар) чыкканга чейин…»
(Сахих Муслим, 2947)
Жогорудагы аят-хадистерде келген Духан (Түтүн) деген сөздөн эмне максат кылынгандыгында жана бул окуя качан болоору туурасында аалымдар арасында эки ой айтылган.
Аалымдардын биринчи тобу: Духан (Түтүн) – Курайш уруусуна болгон ачарчылык жана кыйынчылыктар деп айтышкан. Бул окуя Курайш уруусу Пайгамбардын ﷺ чакырыгына жооп бербей койгондон кийин, Пайгамбар ﷺ Аллахтан жардам сурап дуба кылганда болгон. Ошондо Аллах Курайштын элине жаза катары ачарчылык жиберген. Ошол кезде Курайш уруусундагы адамдар асманды караганда ачкалыктан көздөрүнө түтүн гана көрүнүп калган.
Бул ойду Абдуллах ибну Масууд, радыяллаху анху, жана аны менен бирге кээ бир аалымдар жактаган. Ошондой эле бул ойду Ибну Жарир ат-Табари, рахимахуллах, туура деп эсептеген.
Аалымдардын экинчи тобу: Духан – Акыр заманда боло турган Кыяматтын белгилеринен деп айтышкан.
Бул ойду Али ибну Абу Талиб, Абдуллах ибну Аббас, Абу Саид аль-Худри жана башка көптөгөн аалымдар туура деп эсептешкен.
Аалымдардын дагы бир тобу жогорудагы эки ойду төмөнкүдөй бириктиришкен: Негизи, эки Духан (Түтүн) бар. Биринчиси, Курайш элине ачарчылык маалында көздөрүнө көрүнгөн түтүн. Ал буга чейин болуп өткөн. Ал эми экинчиси, чыныгы Духан (Түтүн). Ал Акыр заманда боло турган Кыяматтын чоң белгилеринен.
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
☑ ИсламОнлайнKG
➥ Facebook.com/islamonlinekg ➥ Instagram.com/islamonlinekg ➥ Ok.ru/islamonlinekgz
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3