Мурундан кан агып, жүрөк айланып кускан учурлар баарыбызда эле кездешет. Бул жагымсыз көрүнүш медицинада оорулардын катарына эмес, оорунун белгилерине кирет.
МУРУНДУН КАНАШЫ
Мурундун каноосуна алып келген себептер:
Жаракат алганда (мурунду чукуганда, бет сөөк соккуга кабылып, сынганда ж.б.);
Жүрөк-кан тамыр оорусу бар болсо;
Витаминдин жетишсиздиги (А витамини);
Курч түрдөгү жугуштуу оорулардын кесепетинен;
Барожаракатта (аба басымы кескин алмашканда, мисалы, суунун түбүнө түшкөндө, бийик тоого чыкканда, учак менен көтөрүлгөндө же жерге конгондо);
Күндүн ысыгы өтүп кеткенде;
Гормоналдык баланстын бузулушу (жыныстык жактан жетилүү учурунда, кош бойлуулукта);
Кара күч келтиргенде (чуркоо, оор нерсе көтөрүү);
Мурундун ички бетинде пайда болгон шишиктер;
Бөлмөдөгү аба абдан кургак болсо, мурундун көңдөйүндөгү былжыр чел кургап, чүчкүргөндө же чимкиргенде андагы кан тамыр жарылып, канайт.
Мурун канаганда алгачкы жардам
Башты жерге салбай, мурунду бир аз өйдө каратып, ашыкча кыймыл жасабоо керек.
Оозго жана каңылжаарга кан кирип кетпеш үчүн башты бир аз алдыга созуу шарт.
Андан соң мурундун таноосун манжалар менен 5 мүнөттөй кысуу зарыл.
Желкеге жана мурундун кайкысына (эки көздүн ортосу) муздак нерсени 20 мүнөтчө басыш керек.
Кан агып жатканда чимкирүүгө болбойт. Ал кандын агышын күчөтүп жиберет. Ошондой эле ызы-чууга алдыруу жана ашыкча кыймыл да канды токтотууга тоскоолдук жаратат.
Эгер оң таноодон кан чыгып жатса, оң колду бийик көтөрүп, сол кол менен кан чыгып жаткан таноону басат. Ал эми сол жак таноодон кан кетсе, анда сол колду көтөрүү керек. Эгер эки таноодон тең кан чыгып жатса, анда эки колду көтөрүп, жанындагы адам мурдун басып туруу зарыл.
Эгер мурундан кан агып, аны басууга болгон биринчи аракет 10-20 мүнөт ичинде жыйынтык бербесе;
Кан басымы жогорулар, кант диабети сыяктуу оорулары бар болсо;
Оорусуна байланыштуу дайыма Аспирин, Гепарин, Ибупрофен өңдүү дарыларды колдонуп жүрсө;
Мурундан аккан кан кекиртекке кирип, куса баштаса;
Кан агып баштаганда өзүн жоготуп жыгылып калса же башы айланып, өзүн жаман сезсе;
Жыгылып же сокку жеп катуу жаракат алса;
Мурунунан кан агуу тез-тез кайталана бергендер сөзсүз дарыгерге барып текшерилүүсү керек. Мындай көрүнүш ар кандай оорулардын белгиси болуп эсептелет.
Алдын алуу
Муруну көп канаган адамдар бөлмөнү өтө кургак кармабашы керек. Өзгөчө кышкысын жылыткычтарды иштеткенде сөзсүз алардын жанына суу коюу зарыл.
Бирок бул нерседен биротоло омур бою кутулгунуз келсе бизге кайрылыныз биз жардам беребиз ватсаптан жазыныз 📲📲+7966-060-54-34.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1