Адамды акыркы сапарга узатуу иштери
Өлүм алдында жаткан адамды чалкасынан жаккызуу, буттарын жана жүзүн кыблага буруу башын өйдөлөтүү керек. Жанына олтуруп, айтып жаткан адамды ээрчип айткыдай кылып келимени катуу угуза айтуу керек. Өлүм алдында жаткан адамга келимени айтууга буйрук берилбеши керек, себеби жан чыгып жатканда өтө кыйын абалда болот, ачуулангандыктан оозунан башка сөз чыгып кетбесин үчүн.
Өлүм алдында жаткан адам келимени бир жолу айтса, унчукпай калуу керек, кайра-кайра- кайраайтырууга аракет жасабоо керек, себеби келдим айттырып жаткан адамдын максаты; адамдын эң акыркы сөзү келимени ооздон чыгаруу, жаны чыкканга чейин келимени айттырып, туруусу эмес. Келиме окугандан кийин башка бир дүйнө сөзүн сүйлөсө гана кайра, келимени окутууга болот, келимени айта баштаса анда унчукпай калуу керек.
Адамдын деми кысылып, тез-тез дем ала баштаса буттары бошоп баса албай, муундары кыйшайып, титерегени басылса адамга өлүм келгенинин белгиси, ушул убакта келимени катуу катуу айта баштоо керек.
" Ясин" сүрөөсүн окууда өлүмдүн катуулугу аз болот. Өлүм алдында жаткан адамдын баш жагында же алдына олтуруп окуу керек, билбесе билген адамга окутуу керек.
Өлүм алдында жаткан адамдын жанында дүйнөгө кызыктыра турган сөздөрдү суйлөшүүгө болбойт, себеби бул убакта дүнүйө менен коштошуп Алла Тааланын астына баруучу убакыт. Жүрөгү Алла Тааланын алдында барууна каалагандай жакшы сөздөрдү сүйлөө керек, өлүм алдында жаткан адамдын тиги дүнүйқсү жакшы болууга же кимди жакшы көрсө алып барууга болбойт. Эгерде дүнүйөнү жакшы көрүп бул дүйнөдөн узаган болсо, кудай анын бетин ары кылсын, жаман өлүм менен өлгөнү.
Өлүп бара жаткан адамдын оозунан Аллах сактасын куфрий (жаман) сөз чыккан болсо, аны көнүлгө албоо керек, балким өлүмдүн катуулугунан акылынан адашып калды болуш керек деп түшүнүү керек. Акыл өз огунан чыгып кетсе, эмне болсо да кечирилет. Алладан аны кечирүүсүн дуба кылуу керек
Адам дүйнөдөн кайткандан кийин, анын денесин түздөп жаткыруу керек.
Маркумдун денесин түздөөнүн тартиби:
1) Бар материалды ээгинин астынан чыгарып, эки учун башына алып барып байлоо керек, тозу кетпөөсү үчүн.
2) Көздөрүн жабуу керек
3) Баттарын жайылып ачылып кетпөөсү үчүн, буттарынын эки бармагын бириктирип байлоо керек
4) Бир чоң материал менен ороп, жуунтушут жана кепиндешти тез аранын ичинде уюштуруу керек.
Ооз жана башка жерлерин байло учурунда бул дуа окулат" Бисмиллахи ва ъалаа миллати расуулиллах" . Жаны чыккандан кийин ал адамдын алдына жыпар жыттуу чөптөрдү түтөтүү керек.
Күнүмдүк зарыл маселелер
🌿Багыт-аят жана хадистер жыйнагы.
Катталыңыздар⤵
WhatsApp:
*+7 925-237-91-01*
*Эскертүү тартипти ким бузуп ГРУППАГА ЖАЗСА (ЭСКЕРТҮҮСҮЗ ЧЕТЕТИЛЕТ)* http://ok.ru/group/53211834548436
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев