Анастын (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Чындыгында, силер (анын канчалык күнөө экенин көрбөгөнүңөр үчүн) көз алдыңарда (аны болор болбос деп санаганыңар үчүн) кылдан да ичке деп эсептелген иштерди аткарасыңар. А биз Аллахтын элчисинин (солла Аллаху алейхи ва саллам) убакгында (ал иштерди) кыйратуучу күнөөлөрдүн катарына кошот элек”. (Имам аль-Бухарий риваяты).
Хадистен алынган сабактар:
1-Күнөөлөргө көңүл коштук менен кароо Аллахтан коркуунун аздыгынан кабар берет. Ал эми тескерисинче болсо, бул ошол адамдын Аллахтан көбүрөөк корккондугунан кабар берет. Абдуллах бин Маъсуд айтат: “Момун адам күнөөлөрүнө тоонун астында отуруп, ал тоо аны басып калуусунан корккондой карайт. Ал эми бузуку (каапыр) адам күнөөлөрүнө мурдунун алдынан учуп өткөн чымын сыяктуу карайт”.
2-Момун адам Аллахтын улуулугун билгендиги үчүн анын жүрөгүндө күнөө иштер аябай чоң туюлат. Анткени кимге күнөөкөр болуп жатканын билген адамдын көз карашында, кичине күнөө да чоң болуп көрүнөт.
3-Пайгамбарлардан кийин, Аллах Тааланы эң жакшы тааныган, Андан эң көп корккон адамдар - сахабалар. Ошондуктан да алар, башкалар арзыбаган иш деп эсептеген иштерди чоң күнөө деп санашкан.
*🌱Момундар бакчасы* Хидаят.kg Сайтынан алынды
*Жүктөгөн:Хамида*
*⚜ИЛИМ АЛУУ ТАЙПАСЫ*
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев