Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Бүгүн динибиздеги миң айдан кайырлуу болгон ыйык Рамазан айындагы Кадыр түндү тосуп жатабыз... Куттуу Рамазан айында катылган ыйык түнгө жолугуу ыктымалы көп болгон ушул жыйырма жетинчи түнү дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар жараткан Алла Тааланын ыраакымын, кечиримин, мээримин сурашып ибадат кылып жатышат... Белгилүү ислам аалымы Ахмет Дидат: «Бул ыйык күндөрдө падыша букарасына, букара падышасына, падыша падышасына, букара букарасына кайрымдуу болсун. Кайрымдуулуктун арты бакубаттуулук»,- деп айткан экен. Сиз өлкөнүн бардык жоопкерчилигин алган алгачкы күндөрү абдан жакшы бир саамалыкты айттыңыз эле. Сиз өз сөзүңүздө Кыргызстандын тарыхында өлкө башчысы болгон инсандарды куугунттуктап, кууп жана каралаган салтты токтотом деп убада бергенсиз. Сиз убадаңызда туруп өлкө алдында бир топ саясий катачылыктары жана кечирилгис күнөөлөрү бар болсо дагы туңгуч президентибиз Аскар Акаевди өлкөбүзгө алып келип сый-урмат көргөздүңүз. Акаев сыяктуу баштарында 2010-жылдагы апрель-июнь жана 2020-жылдагы октябрь окуялары баш болгон чоң күнөөлөрү бар Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековго дагы чоң сый-урмат көргөзүп мамлекеттик иш-чараларда жаныңызга ээрчитип, резиденцияда кошуна катары жашап атасыз. Ал эми Атамбаев жөнүндө сөз кылуунун кажети жок деп ойлойм. Ал киши өз тагдырын, өз балээсин өзү тилеп, бүгүнкү кылмыш иштеринен тышкары; 2010-жылдагы апрель-июнь окуялары, мамлекетти карызга батырганы, Түркияны баш кылып коңшулар менен дипломатиялык кризиске алып келген, шоопурлары менен жансакчыларына өлкөнүн тагдырын салып берген кылмыштарына да жооп берет деп ойлойм.
Ошентип сиздин мурдагы үч ажобузга көрсөткөн сый-урматыңызды качан Кыргызстандын тарыхындагы эң күчтүү Президент болгон Курманбек Бакиевге дагы көрсөтөсүз деп сурагым келет? Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин Курманбек Бакиевди дагы өлкөбүзгө чакырбай жатасыз? Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин Курманбек Бакиевге жана туугандарына, бир кезде сизге дагы жалган кылмыш токуган Атамбаевдин гестапо сотторунун чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылбай келет? Эмне үчүн Акаевден калган жакыр өлкөнү өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн катарына кошкон Курманбек Бакиевдин тоо көтөргүс эмгегин унутта калтырып жатабыз? Эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин бир ууч трайбалисттерден, эл арасын коозуткан бузукулардан сестенип жүрөбүз? Качан ак жеринен караланган Курманбек Бакиевди өлкөбүзгө сый-урмат менен алып келебиз? Качан Бакиевдерге тагылган жалган күнөөлөргө чекит коюлат?
Урматтуу Садыр Жапаров мырза!
Мына жакында эле социалдык тармактарда болуп өткөн сурамжылоонун жыйынтыгында экс-президент Курманбек Салиевичти, Кыргызстандагы эң мыкты өлкө башчысы болгонун тастыктап беришти. Бир кезде сиздин келечегиңизге, сиздин дараметиңизге ишенип өлкөдөгү жогорку кызматты, жарандардын укуктарын коргоону ишенип тапшырган Курманбек Бакиевди сиз бизден жакшы билсеңиз керек. Сиз дагы ал кишинин өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн жасаган опол тоодой иштерин билесиз, үлгү аласыз жана сыйлайсыз деп ишенем.
Бүгүнкү ыйык Кадыр түнү мен жогоруда айткан Ахмет Дидаттын сөзүндөгүдөй сизди Кыргыз Республикасынын Президенти катары кеменгерлик кылып, падышадан падышага сый-урмат көргөзүп, экс-Президентибиз Курманбек Бакиевди дагы Кыргызстанга ардактап чакырса экен, сый-урмат менен алып келип, жалгандын жибин кыркып, адилеттик көргөзсө экен деп тилек кылып отурам.
Мына 12 жылдан бери экс-президентибиз Курманбек Салиевич Ала-Тообуздан алыста жүрөт. Бир кезде элибиздин куту болгон ажобуздун кеткени, өлкөбүздүн дагы куту качкандай болуп, Ала-Тообуздун бир ыптасы кемиген акыбалда жүргөндөйбүз... Мына ошол кемтикти сиз жакынкы күндөрү толтурасыз деп ишенем!
Бул ыйык түнү өлкөбүздүн жаркын келечегин, тынчтыгын, элибиздин аманчылыгын жана бай турмушун тилеп, сизге жана үй-бүлөөңүзгө аманчылык каалоо менен бирге мен сизден, Кыргыз Республикасынын экс- президенти Курманбек Бакиевди Ала-Тообузга алып келишиңизди, Убактылуу Өкмөт жана Атамбаевдин ондогон жылдар бою Бакиевдердин үй-бүлөсүнө көргөзгөн карасантай иштерин, жалган сотторун, бети жоктук менен тагылган күнөөлөрүн жокко чыгарууңузду өтүнөм! «Ак ийилет бирок сынбайт» дегендей, сиз дагы адилеттикке жеткендей, 2010-жылдагы катылып жаткан апрель-июнь окуялары калыс бааланып, чындык калкып чыгып, Бакиевдерге тагылган жалган күнөөлөрдүн да күнү бүтөт деп ишенем.
Экс-президентибиз Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсин!


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2