Урматтуу кыргызстандыктар!
Кечээ күнү Элдик курултай жөнүндө Жарлыкка кол койдум. Ага ылайык, ушул жылдын 25-ноябрь күнү биринчи Элдик курултай өтөт.
Элдик курултай жөнүндө мыйзам ушул жылдын башында жазылып бүтүп, эки ай бою жалпы элдик талкууга коюлуп, андан кийин Жогорку Кеңешке киргизилген. Тилекке каршы, кабыл алынбай калды. Ошондуктан мыйзам кабыл алынганга чейин быйылкы Курултайды жарлык менен чакырууну туура көрдүм. Бийликтин бардык бутактары бир жылда жасалган иштери жөнүндө жалпы элге маалымат беребиз.
Курултайдын сунуштарын угабыз.
Курултайга кимдер делегат болуп шайланып келе алышат деген суроо туулат.
Курултайга делегаттарды жергиликтүү эл өздөрү шайлап жөнөтүшөт. Уюштуруу
Эскертүү
Санарип министрине бир жылдык мөөнөт берилип, "Бардык министрликтерди жана мамлекеттик мекемелерди санарипке өткөрөсүң" деген милдеттеме коюлган. Жарым жыл өттү. Таблицада көрүнүп тургандай кайсыл министрлик толук маалыматтарын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып кете берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. "Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз" дегендер деп билебиз.
Предупреждение
Министру цифрового развития было поручено в течение года перевести работу всех министерств и государственных учреждений на цифровой формат. Прошло полгода.
Как видно из та