" 32-барак!
Жашоо биз ойлогондой ширин эмес.Мына,мына баары ордуна тушуп кетти десен дагы бир кайгы чыга келет.Баарына козумду жумуп,башымды алып эчбир жан жок,эч нерсе оспой турган жактарга кетип калгым келет.Бирок балдарды гана ойлоп озумду басам.Адамдар мени чечкинсиз акылсыз жана ото эле шолбурогон дейт.Мындай тагдыр менен дагы кандай адам болуп жашаганга мункун.Ооба Салима менен Гулкайыр тил бириктирип менин тагдырымды сахналаштырганы бираз болсода жагымсыз.Бирок ким билет Эгерде мен Гулкайырды жолуктурбаганымда балким эч качан уйлонбогон болот белем.Мен адамдардын созу менен жашабайм.Менин куном менден улуу жанада уч баласы бар аялга уйлонгонумдо эместир.Мен болгону оз мунозумду билгеним учунда озумо жаккан аялга уйлондум.Кудайга шукур менде баары бар.Эн биринчи суйуктуу аял,бала чака,жакын досторум,жанада жетиштуу байлык.Бир гана акылдан гана тайкымын.Адамдар мени аялынын тилинен чыкпайт дейт.Эгерде аялын ак жана туура жолду корсотуп турса анан кантип аны кылбай койосун.Балким мени сындаган адамдар аял жакшы эр жакшы деген создун маанисине жетпесе керек....
Минут эмес секунт сайын арадан омурубуздун эн бактылуу кундору отуп жатты.Курсагы чонойгон сайын Гулкайыр мурункуданда мин эсе коздорумо сулуу корунуп жатты.Чындыгында дуйнодо эн сулуу аял бул кош бойлуу аял турбайбы.Мына ушуну чыныгы бакыт десе болсо керек.Биздин уйдо чыныгы майрам башталды.Бизди тушунгон адамдар ото аз.-Уч баласы менен жаш баланын башын айлантырып тийгени аз келгенсип эми минтип торопда берет турбайбы бул карыган тулку.Бар байлыкка ээ болойун деп ойлогонго уятсыз дешип соз кылышат.Мен ошолор коз арткан байлыктын баарын бермекмин бир наристенин тырнагы учунда.Алар учун Гулкайыр бир карыган тулку болсо мен учун ал мин жаш секелектерден артык.Ар дайым чабандардан кабар алып,кемчилдиктерин жеткизип келе жатып,соссуз атам менен апамды коруп алардан кенеш сурап келип турам.Атам мага малдын коптогон сырларын уйротту.Ал мага -балам байлык адамдын чыныгы жузун корсотот.Ар дайым жонокой адам болуп жашаган жакшы.Эч бир адамдын конулун оорутпа.Байдында кедейдинда барар жери бир.Колунда барында адамдарга жакшылык кыл.Жетим жесирдин акысын бер.Садака кылган адам эч качан кем болбойт.Эмне иш кылсанда аялын менен кенешип иш кыл балам.Себеби сенин аялын ото сезимтал жана акылдуу жан корунду.Апан деле кооп айтып жатат.Тилектин пешенесине жакшы аял туш келди деп.Аял жакшы эр жакшы балам.Бирок жакшы аялдыда таптай билуу керек.Жакшы аялдында сырын кочургон эркек болот.Эч качан корбогондун коргону курусун деген созго калбагын балам.Ушул создун маанисин жакшылап ойлонуп анан кадам таштагын кулунум деп дагы коптогон акыл насаттарын айтат ата энем.Аларды коргону барган сайын анча озумду женил сезип,журогумдун бош жерлерин жакшы создор менен толуктап келем.Атам ар дайым соссуз балдарынды алып кел деп калат.Балдарымда атам менен апама уйроно тушушуптур чон атама баралы ата дешип чурулдашып калышат.Ар куну болсода ата энемден кабар алгым келет.Бирок кокус Салимага туш болуп калбайын деген коркунуч эч мага тынчтык бербейт.Мурда энсегендирмин Салима менен жолукканды бирок азыр эч каалабаймын.Омурумдун акырына чейин жолукпай калсакда мейли эле.Салима озу туура эле айткан экен кандайгана кучтуу суйуу болбосун,конул калса ал барибир солуйт турбайбы.Мен болгону ага озу тандаган бакыт жолунда бактылуу болушун гана каалап калдым.Карындашым Айкагада -мага эч качан Салима жонундо бирда созду жеткизбе.Салима жонундо кабар айткандан коро чалбай койсонда мейли дедим.Тагдырдын буйруганына мойун сунуп жашаганда ыйманыбыздан турбайбы...................
Белек досум менен Венера аяшым Гулкайырдын кош бойлуу экенин угуп бир эмес эки жолу балдары менен келишип биздикинде копко конок болуп кетишти.Жолдун алыс болгонуна байланыштуу биз алардыкына бара алганыбыз жок.Бир тууганданда жакын болгон досум Белек коздоруно жаш алып-досум буйруса ата болосун.Бул кундорду узак куткон болсокда.Пешененде бар экен,буйруса аз калды.Сенин бактын биздин бактыбыз.Биз уй булобуз менен аябай кубанычтабыз.Досум мени кечирип кой башына келген баленин баарына озундун акылсыздыгын жана чечкинсиздигин кунолуу деген болчум.Аяшын мени аябай жемеледи эмнеге антип айтас деп.Ансыз деле тагдыры талкалап жатса сизда кошумчалайс.Сизда ошондой тагдырда жашамактугул элестетип корун,акылыныздан адашас,дагыда досунуз экен баарына чыдап баш которуп журот деп.Бирок ошол мезгилдерде сага каттуу тийбесемда болбойт болуучу дос.Чындыгында бош элен турмушка быштын.Баленин баары арта калды.Мына эми алдында жарык нурлуу жол деди.Жолдошунун создорун кошумчалап Венера -Досунуз окобуз сиз жонундо ото кооп соз талашабыз.Мен сизди башында жаман коргонум менен кийин сизге боорум оруп досунузга катуу соз айтпан деп жемелоочу болдум.Мейли эми капа болгондун керегида жок башыныз аман болсо баары болот.Эн негизи жалгыз эмессиз.Аябай досунуз окобуз коркон болчубуз сиз уйлонбой жургонунуздо деди.Обо мен бир гана озумду эмес айланамдагы бардык адамдарды ото кыйын абалга салып койгон элем.Кечки тамактан сон Белек окобуз сырка чыгып туруп калдык.Мен Белекке Салима мага Гулкайырды жолуктурганы жонундо айтым.-Мундан кабарым бар досум.Сен жалгыз жургонундо биз баарыбыз тынчсызданганбыз.Салима биздин уйго конок болуп барып оз ойун айткан болуучу.Биз сенин тагдырын учун гана макул болгонбуз.Мен -жолуктуруп койо бер калганын пешенелеринен корот.Ал аялга уйлонбосода жок дегенде балдарына алаксып кайгысын унутар деген элек.Салима Гулкайырды ото акылду аял деп айткан болуучу.Бирок жашынардагы айырма бизди ойго салган эле.Сен биз ойлогондонда тез уйлондун Гулкайырга.Туура эле кылган экенсин.Тайга бергиз кунан бар,кызга бергиз жуван бар дейт эмесби.Кароосуз калган балдарынын башын сылаганын учунда кудайым сага бала берип жатат деди.Биз окобуз копко суйлоштук.Созубуздун акыры Эрмек досума барып такалды.-Эрмек дарылануусун улантып жатат.Буйруса баары ойдогудай.Алардын кубанычы чексиз.Эрмек оз буттары менен басып калды эч кимдин жардамысыз эле.Эрмектин ата энеси ар барганым сайын сени сурашып сенин атына жана отуп кеткен апандын атына пата кылып олтурушканын айтышат.Сени бир жолу болсода келип кетсе жакшы болмок.Атын эле угабыз озу эч келбейт дешет.Мен аларга тушундурдум.Коптон бери балалуу болбой журуп азыр аялынын бойунда бар,ошондуктанда алыскы жолго чыга алышпайт.Анын устуно малдарыда коп ар дайым бош эмес.Буйруса барам деп эле жатат дедим деди Белек.-Ооба дос буйруган куну барып калармын.Болгону ал уйдо Чынара болбогонда азыркыга чейин мин жолу бармакмын.Озун билесин Чынаранын коздоруно тике кароо мен учун доззокко тушкон менен барабар.Эрмектин оз буттары менен басып жургонун коргум келип жатсада жолдорум тосук.Эрмек мага тез тез кат жазып турат.Жанылыктарды айтып.Бирок ал эч качан Чынара жонундо жазбайт.Ошондуктанда ойлоп калам ал азыркыга чейин менден Чынараны кызганат деп.Ошондуктанда алардын уйуно баргандан баш тартам.Орукчан адамдын конулу ото назик болуп калат.Кокус Чынара окобуздун коздорубуз кагылышып кеткенин коруп шагыда сынбасын.Барибир эркекбизда.Арабызда кызгануу деген нерсе бар досум.Мен ар куну кудайымдан тилеймин мага эми эч качан Салима менен Чынараны жолуктурбагын деп.Мен аларды такыр унутканы арекет кылып жатам дедим.-Туура кыласын дос.Башында эле ошондой кылыш керек болуучу.Бирок Чынара сенден аябай ыраазы болуп ыйлады.Ал Тилек мени таштап кеткенде тируулой мени горго комуп кетти деп ойлогон элем.Бирок Эрмектин басып кетуусуно мункунчулук бергенде,ал жонундогу жаман ойлорум тумандай тарап кетти.Элесимде ал жаман коз ирмендер менен калган болсода,тагдырымда Тилектей адамды таныганыма ыразымын.Эрмекке кылган жакшылыгын биз эч качан унутпайбыз.Эрмектин кайра басып кеткени менин кайрадан тирилгеним менен барабар деди досум.Ал сени кечиргенин сенин бактылуу болушунду кудайдан тилерин айтты.Мейли сен ошол уйдо конок болбосон болбой эле кой.Бирок Чынаранын ошол уйдо бар болгонуна шукур дей бергин досум.Ошол уйдун тиричилигин байкуш бир гана Чынара жалгыз иштеп терметип жатат.Мен ар барган сайын колумдан келгенче аштык алып барып жатам.Барибир Чынарага кыйын болду.Эрмекда -аяшын иштеп мен уйдо олтургандан тажадым.Аяшындын коздорун карагангада жузум калбады дейт деди.-Туура дос Чынарадо ото тырышчак жана ожор кыз.Коросун баарын женет.Менда колумдан келишинче жардам берем.Гулкайыр аман эсен коз жаргандан сон соссуз Эрмекти коргону барам.Сенин Салимадан эмне кем жерин бар досум.Мен Эрмек жана анын ата энесине жолугушум керек.Биздин жолугушуну сен эми сахналаштыр.Болгону ошол сахнада Чынара болбосун.Ушундай уюштур озундон болок эч ким билбей калсын деп тамашалаштым.Белек кулуп.-Булда болсо тагдырдын ойуну экен.Биз баарыбыз эмне кылган болсокда сенин бактынды гана ойлогонбуз.Себеби сенин мунозунду биздей эч ким билбейт деди.-эч ойлогон эмес экенмин Салима менен Чынара мага билгизбей суйлошуп турушканын,андан сон Гулкайыр менен Салима аялдар эркектерге караганда мин эсе амалдуу дегени ушуда озу дедим... Белек бул жолу менин уйумдо бир жумадан ашык журду.Мен аны биринчи жолу алып барып атам жана апам менен таныштырдым.Аларда кубанышты.Андан сон короогода алып барып мал жайымды,тактап айтканда байлыгымды корсоттум.Досума аябай жакты.Кыскасы биз бакытты жакшы откоздук.Баары жакшы эле болду.Болгону досум уй-булосу менен автобуста келип кетип аябай кыйналып кеткенин кордум.Машинада журуп коно тушконда досум.Алда баар жогун сатып Эрмекке берген болуучу.Нийет кылып койдум буйруса Белекке машина алып беремин депБелек кетип жатканда уйдо бар акчамды ага берип -Эрмекке берип кой.Дары дармегине аз болсода иштетердедим.Чынаранын кыйналып иштеп жатканы,Эрмектин буулугуп уйдо олтурганы мени кайдыгер калтырган жок.......
Эн биринчи ата энем жана Гулкайыр менен кенешип бей таныш эле,бизден болок айылда жашаган бир коп балалуу уй-булого саан эне балалуу уй бердик саап ичишсин деп.Атам мага ыраазы болуп -балам колунда жок балдары учун зарыккан адамга бирди берсен кудайым сага он эсе кылып кайтарат деп айтты.................
Ай куну толуп Гулкайыр аман эсен кыз тороду.Менин уйумдода биринчи жолу оз канымдан жаралган наристенин чырылдап ыйлаган уну угулду.Замандаш ошондогу биздин кубанычты соз менен жазып жеткизуунун эч мункунчулугу жок.Мен дуйнодогу эн бактылуу ата,аялда эн жолдуу эркек болсом керек.Оз канымдан жаралган кызымды колума алганымда бут дене бойум жымырап кайрадан жан киргендей сескене туштум.Бакыт дегени ушул турбайбы.Коздорумдогу жашымдыда жашыра албай калдым жаш баладай.Балдарымда менден бетер карындашын биринен бири отуп талашышат.Э деги койчу уйубуз жон эле хан сарайга айланды.Бул менин кызым бир гана биздин уй-булого гана эмес менин айланамдагы бардык жакын адамдарымдын журогуно кубаныч алып келди.Туш туштан чалышып кутукташып жатышты.Мындан артык бакыт болбосо керек.Ушундай бакытты мага тартуулаган Гулкайыр менден он жаш эмес отуз жаш улуу болсода,омурумдун акырына чейин ыраазы болуп жашаймын.Досум Эрмекда мага Досум кутуктаймын.Омуру жана бакты менен берген болсун кудайым.Мен озум кыздуу болгонумдада мындай кубанган эмес болчумун.Буттарыма жан киргендеда бугункудой толкундаган эмес элем.Бул ото чон кубаныч.Биздин уй-було жана аяшын менен сага бакыт каалап калабыз деп кат жазып жибериптир.Эрмек Чынарага уйлонгонуно канча жыл болгон болсода мына бугун биринчи жолу мага "аяшын"-деген созду кошуп жазыптыр................
Балдарым жана кызымды кучактап алып бактылуу кундордун доорун суруп жатып Ырахматылык апамдын создору эсиме тушот.-балам эч качан унутпа.Ата бабабыздан соз калган.Алтын баштуу аялдан бака баштуу эркек улуук деп.Аял кочодон алтын которуп келседа,эркектин кочодон бир кучак отун которуп келгенчелик кадыры болбойт.Кудайым эркекти улуу кылып жараткан.Эркектин тапканында береке берген.Бирок эч качан акылдуу эркек унутпашы керек.Бакыт ачкычы аялдардын колунда.Себеби тун уйкусун минге болуп жалгыз аялзатыгана уй-було бешигин терметет.Бала ыйына бир эне гана чыдайт.Уй-булодо аял бактылуу болбосо эч ким бактылуу болбойт.Ошондуктанда ар дайым аялындын конулуно кара деген болуучу...................
Уй-жумуштарын жайгаштырып,тамактанып балдарды жаткызып,кызымды Гулкайыр бешикке болоп уктаткынча тун бир убак болуп кетти.Балдар менен алек болуп озубузду унутупда калдык.Туну бир убакта Гулкайырга -Гулкайыр Эрмекти барып коруп келейин деп жатам.Анын ата энесида мени тынбай сурап жатышыптыр.Басып кеткенинен бери бирда жолу кайрылып барган жокмун.Досумду коргум келип жатат дедим.-Качанта эле барып келсен болмок.Озундун ожорлугун менен барган жоксун.Акчадан жардам бердимго болот деген ойдо журдун.Акча баардык нерсени деле чече бербейт.Дуйнодо акчагада сатылбаган сезимдер,конулдор бар.Сыйлашпасан достуккада доо кетет.Тилек сен аябай озгоруп кеттин.Сени таныбай калып жатам кее учурларда.Албетте жакшы жагына озгоруп жатасын.Кааласан эртен жолго чык мен эч каршы эмесмин,болгону курук кол менен барба деп айтты.-Озумда муну ойлогом.Бирке акча кылган сон жолго чыгам деп айтым................уландысы бар...... автор;Мени Кечир! Россия.23.10.2016.саат;0.13
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 114