СИЗ КОЛДОНУП ЖАТКАН ДАРЫ ДАРМЕКТЕР,КОСМЕТИКА-КАНЧА ЖАНЫБАРЛАРДЫН ОМУРУН АЛЫШЫН БИЛЕСИЗБИ??
Көпчүлүк косметика чыгаруучу компаниялар
товарын сатыкка чыгарардан мурун алдын
ала жаныбарларга тест жүргүзүшөт. Айрымдар
жаныбарларга тест жүргүзөт десе аларга
атыр сээп же крем сүйкөп текшерет деп
ойлошсо керек. Тилекке каршы, андай эмес.
Айрым косметикалык каражаттар кандай
жырткычтык жол менен ишке ашарын билсеӊиз
кана...
КУРМАНДЫККА ЧАЛЫНГАН ЖАНЫБАРЛАР
Элде «подопытный кролик болгум келбейт» деп
көп айтылат эмеспи. Бул сөздүн төркүнү кайдан
экенин да ушул макаладан биле аласыздар.
Мындай тесттерди негизи тери менен көздүн
дүүлүгүүсүн, канчалык деӊгээлде уулуу
экендигин, мутаген, канцерогендүүлүгүн
текшерүү үчүн колдонушат.
Чачыбызды жууп жатканда кокустан көзүбүзгө
шампунь кирип кетсе дароо ачышып, кызарып
чыгат эмеспи. Эми элестетсеӊиз, бир кашык
шампунь көзүбүзгө кирип, аны же жууп, же
колубуз менен сүртө албасак... Так ушундай
кыйноону Драйз тестинде коёндорго жүргүзүшөт.
Алардын башын темирге бекитип, көзүнө
текшергиси келген затты куюшат.
2 күндөн 21
күнгө чейин байкуш жандыктар ооруга чыдай
албай, темирге урунуп жатып моюндарын
сындырып да алышат. Адамзаттан айырмаланып
коёндордун көзүнөн жаш бөлүнүп чыкпайт.
Ошондуктан зат чел кабыкты тунартып, көзүн
агызып түшүргөнчө тура берет. Өз кызматын
аткаргандан кийин жандыктарды басып
өлтүрүп же газ менен ууландырып, анан
өрттөп жиберишет.
Дагы бир ыкма, ЛД 50 (леталдык доза) деп
аталат. Аны парфюм, косметика
индустриясында ит, мышык, коён, келемиш,
чычкандарга колдонушат. Жаныбарлар тобуна
өлчөмүн улам көбөйтүп косметика же башка
идиш жуугуч каражаттарды вена, булчуӊ же ич
көӊдөйүнө ийне менен сайып киргизет да,
белгилүү пайызы (50%) өлгөнчө күтүп турушат.
Мындай кыйноодон байкуштар карышып, турган
жеринде эле жан беришет.
Дагы бир ыкма, ЛД 50 (леталдык доза) деп
аталат. Аны парфюм, косметика
индустриясында ит, мышык, коён, келемиш,
чычкандарга колдонушат. Жаныбарлар тобуна
өлчөмүн улам көбөйтүп косметика же башка
идиш жуугуч каражаттарды вена, булчуӊ же ич
көӊдөйүнө ийне менен сайып киргизет да,
белгилүү пайызы (50%) өлгөнчө күтүп турушат.
Мындай кыйноодон байкуштар карышып, турган
жеринде эле жан беришет.
Ал эми дем алуу жолдорунун жаӊы затты
кандай кабыл аларын текшерүү үчүн
(дезодорант, чач катыруу үчүн лак, абаны
тазалоочу жана башка аэрозолдор) бөлмөгө
жаныбарларды киргизип, аэрозолдорду көп
өлчөмдө чачышат. Бир нече күндүн
аралыгында жаныбарлар акырындан аба
жетпей өлүп башташат.
Кандайдыр бир кремди колдонууда теринин
дүүлүгүүсүнүн деӊгээлин билиш үчүн дагы бир
тест бар. Маймыл же коёндун терисинин жүнүн
кырып, терисин кесип, ошол жерге
косметикалык каражатты куюшат. Эффективдүү
болуш үчүн үстүн полиэтилен менен жабышат
да, жандыктардын реакциясын күтүшөт.
Ящиктен чыгыш үчүн байкуш маймыл же
коёндор жанталашып жатып ар кайсы жерин
сындырып алышат.
СУЛУУЛУК ҮЧҮН ЖАНЫБАРЛАРДЫ ӨЛТҮРҮШ
КЕРЕК ЭМЕС
Өткөн кылымдын аягынан тартып дүйнө
жүзүндө «Жырткычтыгы жок сулуулук» деген
лозунгда көп акциялар өткөн.
«Жаныбарлардын өмүрүн алган каражаттарды
колдонбосок, аларга суроо-талап да азаймак.
Аны ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек»
деп чыгышкан активисттер. Жыйынтыгында көп
косметикалык фирмалар мындай
жырткычтыктан баш тартып, альтернативдүү
ыкмаларды пайдалана башташкан. Мисалы,
атайын эксперимент жүргүзүү үчүн өстүрүлгөн
тери, физика-химиялык түрдүү ыкмалар. Андан
сырткары 8000дей жандыктарга тестирлөөнү
талап кылбаган кошулмалар бар.
Дагы бир жагдай, жаныбарларга жүргүзүлгөн
тест ар дайым эле адамдар үчүн да бирдей
натыйжа бербейт.
Ботокс да жаныбарларга тестирленет
Германияда 1998-жылдан тартып
косметика үчүн жаныбарларды
пайдаланууга тыюу салынган.
Эксперимент үчүн жаныбарларды атайын
көбөйтүшүп же ар жактан сатып келишет.
2013-жылдан тарта Европада
жаныбарларга тестирленген косметиканы
ташууга жана сатууга тыюу салынган.
Бирок ботокс препаратын чыгаруу үчүн дагы
деле жандыктарды пайдаланып келишет.
Кытайда сатылуучу косметика, турмуш-
тиричиликке керектүү товарларды
тестирлөөдө жаныбарларды колдонуу
шарттуу түрдө жүргүзүлөт.
Дүйнө жүзү боюнча ар кандай
эксперименттер жылына 2 миллион
жаныбардын өмүрүн алат.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 41