Быжы – жаңы союлган койдун же эчкнин ич канынан жасалган улуттук тамак. Тагыраак айтканда, кыргыз колбасасы.
“Өрдөк”
Керектелүүчү азыктар:
Эт – 150 гр
Күрүч – 120 гр
Боор – 250 гр
Пияз – 100 гр
Сабиз – 1 даана
Сарымсак – 4 тишче
Татымына жараша туз, мурч, калемпир
Жасалуу ыкмасы:
. Быжыга кошулуучу күрүчтү тазалап, туз татытылган сууга бир кайнатып алып, суусун сарыктырып төгүп салабыз. эт туурагычтан өткөрүлгөн боор, ич май, күрүч, майда тууралган сарымсак, көк чөп (ашкөк, жусай), кара мурч кошуп, бир азга үстүн жаап, тыныктырып коёбуз. Быжынын туурамжысы канчалык майлуу болсо, быжы ошончолук жегиликтүү болот. Даяр туурамжыны таза жуулган жумуруга салып, учун чий менен төөнөп, чарык жип менен бекем бууйбуз. Эскерте кетчү нерсе, жип менен байларда бир аз боштук калтыруу керек. Анткени, күрүч бышканда көбөйүп кетет. Эми туурамжыга толтурулган жумуруну муздак суу куюлган мискейге салып, 50-60 мүнөт кайнатсак, быжы даяр болот. Быжыны өзүнчө идишке бышыруу керек. Бышып жаткан ичке ийне менен ар жеринен сайып коюу кажет. Аткени ал жарылса, шорпо кермек тартып, даамы бузулат. Даяр болгон быжыны ысык бойдон дасторконго коёбуз.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев