Ар бир ата- эне үчүн чүрпөсүнүн сыркоолоп калуусу эң эле жагымсыз абал жаратат эмеспи. Себеби, ал али көп нерсени түшүнбөйт, кыйналат, ыйлайт, уйкусу бузулат. Ал эми аны көргөн ата- эне өздөрү кошулуп кыйналышат. Колдон келсе баланын оорусун кол менен алып салгылары келишет. Бул ирет тез- тезден эле ооруй берген балдар тууралуу айтылмакчы. Тактап айтканда алдын алуу жолдорун карап көрөлү.
Жаш балдар көбүнчө сасык тумоого көп кабылышат. Анын натыйжасында, мурду бүтүп, тамагы ооруп, жөтөлүп жана дене табы көтөрүлөт. Анткени кичинекейдин дем алуу органына кандайдыр бир вирустуу инфекция жугуп, оору козгоп, микробдордун өсүп- өнүгүүсүнө түрткү берет. Буга айрыкча 6 айлык ымыркайдан баштап 3 жашка чейин көп кабылышат. Эмне үчүн?!
Сасык тумоого жаш балдар эмне үчүн көп кабылат?
Эмне үчүн жаш балдар тез- тез эле ооруй берет?
Тынымсыз эле ооруй берген балакайга анын организминин өзгөчөлүгү жана аны курчап турган сырткы чөйрөнүн таасирине байланыштуу болот. Ал эми ички факторлорго төмөнкү себептер тиешелүү:
1. Балакайдын организми жана иммунитети жана дем алуу органдары калыптана элек.
2. Кош бойлуулук учурунда жана төрөт маалында эненин көп ооругандыгы. Себеби, мындай шартта баланын инфекцияга туруштук берүү мүмкүнчүлүгү азаят. Ошондой эле сырткы чөйрөгө көнүү жөндөмүнүн деңгээли төмөн болот.
Сасык тумоого жаш балдар эмне үчүн көп кабылат?
3. Дем алуу органынан жабыркаган тукум куучулук илдети
4. Байкалбаган (скрытая) аллергиялык түзүлүш же байкалган аллергиянын инфекцияны козгоосу
5.Өнөкөт инфекциянын булагы мурун, ооздо болушу. Мында, вирус менен микробдон коргонуу мүмкүнчүлүгү жок болот.
Сырткы факторлордон келип чыккан себептер:
1. Сасык тумоого көп кабылуучу булактын айланасында байланышта болуу
2. ата- энелер бала үчүн ден- соолукту чыңдоо маанилүү экенин унутуп койгондо. Маселен, тез- тезден жуунтуп, таза абада сейилдетип, денесин чыңдап, көнүгүү жана массаж жасап турбаганда. Денесин чыңдоо өтө маанилүү.
Сасык тумоого жаш балдар эмне үчүн көп кабылат?
3. Жаш курагы жете электе бала- бакчага баруусу. Себеби, бул учурда башка балдар менен байланыш болгондо алардан сасык тумоо жугузуп келе берет.Анткени алар чүчкүрөт, мында аба аркылуу жугат, инфекция бар бала колу менен кармаган буюмдарды соо бала кармаганда жугат.
4. Жасалма тамактандырууну эрте баштаган учурда, калыпка салынбаган тамактанууга туш болгондо
6. Антибиотиктерди көп бере берсе дагы бала көп ооруга чалдыга берет. Анткени, антибиотиктер иммуниетти таптакыр жок кылып коё алат.
7. Жашап жаткан жериндеги айлана- чөйрөсүнүн булганч жана кир болушу, таштандыга жакын жашоо
Сасык тумоого жаш балдар эмне үчүн көп кабылат?
Балакай тез- тез эле ооруга чалдыга берген учурда кандай аракет көрүү керек?
Балага абдан көңүл буруп кам көрүү керек. Сасык тумоого чалдыкканда дароо эле дене табы көтөрүп, жөтөлүп жатып калбайт. Анын алгачкы белгилери пайда болот. Эң эле жөнөкөйү мурдунан суу агып калат. Бул сасык тумоого кабылгандыктан кабар берет. Бул учурда сиз ыкчам аракет көрүшүңүз керек. Дароо эле күнүнө 3 маалдан мурдун туздуу суу менен тазалап жууп туруңуз. 2-3 тамчы ичине тамчылатуу керек.
Тузду көп салып албаңыз, ченеми менен даамдап көрүп анан колдонуңуз. Себеби, суу ачуу болуп калса, мурунга киргенде анын коргонуучу катмарларын жабыркатып коёт. Деңиз тузун колдонсоңуз эң жакшы. Андан ары мурдунан суу агып баштаганда дароо компот кайнатып, суюктукту көп бериңиз. Бал кошуп чай бере бериңиз. Эгер тамак иче алган куракта болсо, анда суюк тамак, шорпо жасап берүү зарыл. Эмчекте болсо тез- тезден эмизип, мурдуна туздуу суу тамызып караңыз. Дароо доктур чакыртып же алып барып текшерүүдөн өткөрүңүз.
Сасык тумоого жаш балдар эмне үчүн көп кабылат?
Үйүңүздү да сергитип, тазалап, төшөлмөлөрдү жууп таза кармаңыз. Кийимин тез- тезден карап туруңуз, тердеп кетсе дароо алмаштырыңыз. Каалашынча уктай берсин. Уктаса жакшы шарт түзүп бериңиз. Бөлмөнү салкындатып, тынч абалда болгудай болсун. Мындан сырткаы коомдук унаа каражаттарына түшүүгө тыюу салынат.
Негизинен сасык тумоо күчүн 3 күндүн ичинде жоготот. Андыктан үч күн күчөтүлгөн абалда кам көрүү талап кылынат. Ушул сыяктуу сасык тумоого чалдыгуудан 2-3 жолу кайталаган учурда дары- дармек бербей табигый жол менен дарылап айыктырып алсаңыз, балада коргоочу иммунитет пайда болот. Андан кийин албетте, ооруга чалдыккан организмин калыпка салып витамин- минералдар менен камсыз кыласыз.
Мындан сырткары, үй бүлө мүчөлөрүнөн сасык тумоого кабылгандар болсо, дароо маска тагынып баладан алыс болушу талапка ылайык. Айрыкча идиш- аяктарды балага карматпаныз
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев