Одуракай болуп кесилген, түлөгөн, кургаган беттин терисин жылмакай, жумшак кылуу үчүн сабиздин жаңы сыгылган ширесин бетке сүртүү керек.
Ушул эле сабиздин ширесине бир канча тамчы лимон ширесин аралаштырып туруп бетиңизге сүртсөңүз, сепкилдерди кетирет.
Сабизди майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткону бетке жана моюнга жабуу керек. 15-20 мүнөттөн соң муздак суу менен жууп, азыктандыруучу крем сүйкөп коюңуз. Бул кургаган, безетки чыгып жабыркаган бет терисине пайдалуу.
Кыргычтан өткөрүлгөн сабиз боткосуна бир аз ун кошуп аралаштырып, 15-20 мүнөт бетке жапса, бет терисин азыктандырат, жумшартат, ашыкча майлуулугунан арылтат.
Эгерде бетиңизди бырыш басып кеткен болсо, бирдей өлчөмдөгү сабиз менен алманы кыргычтан өткөрүп, аралашкан боткону бетке 15-20 мүнөт жабыңыз. Масканын жардамы менен бырышты кетирүү курсу – 20 күн.
Ал эми бырыштын алдын алуу үчүн кыргычтан өткөрүлгөн сабиз боткосуна бир канча тамчы лимон ширесин, жумуртканын сарысын, 1 чай кашык өсүмдүк майын кошуп аралаштыруу керек. Масканы бетке 20-25 мүнөт жапкан соң жылуу суу менен жууйсуз.
Эриндер дайыма жумшак болсун десеңиз, сабиздин ширесин сүртүңүз.
Чач ашыкча майлуу болсо, жуулбаган чачтын түбүнө сабиздин ширесин сүртүү кажет. Ушундан 2-3 саат өткөндөн кийин гана чачыңызды жууй берсеңиз болот.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев