ТЕГЕРЕК ТЫРМАКТУУ АЙЫМДАР- ал сезгич жан. Калыстык, чындык дегенде ичкен ашын жерге коюп, далилдеп берүүгө ар качан даяр. Көбүнчө бирөөнүн көңүлүн иренжиткиси келбегендигинен кысталыш учурда оюн айта албай жан дүйнөсүн кыйнай берет. Бирок бул топтогу селкилердин көөдөнүндө кымындай да кир жок экени талашсыз, мындай бийкечтердин сапатын баалай билген адамды бактылуу кылууга күчү жетет!
ТӨРТ БУРЧТУУ- ушунчалык сабырдуу айымдар. Тегереги чар-тарапка чачырап, экинчи жагы жагымсыз абалга туш болсо да токтоо менен уйгу-туйгу мүнөзүн тынчтандырып, баарына каниет кылган аял затынын бири. Ал жагымсыз ишти жараткандын буйругу деп түшүнөт. Өзүнө жакын адамдар үчүн баарын жасоого даяр жана мындай тырмак ээси өтө мээримдүү келет. Аны курчаган дос-курбулар акылына тан берип, сөзүн жерге ташташпайт. Келечегин алдын ала түптөгөн мыкты кожойке.
КЫСКА ТЫРМАКТАР - бул топтогу селкилер баарынан өзүн жогору коёт. Айткан сөзүнүн канча пайызы чындыкка жакын экени менен эсептешпей, беттеген багытынан кайра кайтпайт. Дайыма болуп жаткан жаңылыктан кабардар жана дүйнөсү музыкага жакын. Негизги кемчилиги "Баарын билем" деген принцибинен кайтпагандыгы бар.
СҮЙРҮ ТЫРМАКТАР - кандай тармакта эмгектенбесин жогорку тараптын сөзүн угуп, кызмат ишине берилүү менен эмгектенгендер. Ага ар кандай ишти тапшырса да аткарып кетүү жөндөмдүүлүгүнө эгедер. Ар бир ийгилигине каниет кылган, жетпегенине кайгырбаган, терең ойлогон асыл затынан келишет.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев