Баткен облусу – Кыргызстандын түштүк-батышындагы дубан. Облус Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан. Ал 1999-ж. 12-октябрда Ош облусунан Баткен, Кадамжай, Лейлекрайондорун жана Кызылкыя, Cүлүктүшаарларын бөлүп, облус уюштурулган. 2000-ж. райондун борбору Баткен жана 2001-ж. Исфана кыштактары шаар статусун алган. Облустун аймагында 3 район, 4 шаар, 5 шаарча (Восточный, Cовет, Кадамжай, Айдаркен, Чабай) жана 189 кыштак, 30 айыл өкмөтү бар. Облустун борбору – Баткен шаары. Облустун түштүк-батыш жана түндүк-батышынанТажикстан, түндүгүнөн Өзбекстан, чыгышынан Ош облусу менен чектешет. Анын аймагында башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече анклавдар (архипелагдар) бар. Ушуга байланыштуу транспорттук катнашы көп чек аралар жана анклавдар аркылуу өтөт. Бул болсо облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө. Аянты 17,0 миң чарчы километр же республиканын аймагынын 8,5%ын түзөт. Калкы 401,3 миң (2002) же республиканын калкынын 8,0%ын түзөт.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 5