Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштанӨзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк –чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргызстандын калкы 6,0 миллиондон ашуун адам. Анын 72,6% (4 млн 6 миң)кыргыздар, 14,34% (816,2миң) өзбектер, 6,87%(375,4миң) орустар жана дунгандар — 64 565, уйгурлар — 52 456, тажиктер — 50 174, түрктөр — 40 953, казактар — 33 701,татарлар — 28 059, азербайжандар — 18 946, корейлер — 16 807, украиндер — 14 485, немистер түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 56,1%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар – 8,7% түзөт. Кыргызстан – Чыгыш менен Батышты бириктире турган тогуз жолдун тоомунда – борбордук азия цивилизациясынын кан жолунда жайгашкан. Сулайман-Тоо,Өзгөндөгү тарыхый комплекс, Саймалуу таштагы сүрөттөр, Манастын күмбөзү,Таш-Рабат тарыхый кербен сарайы,Бурана мунарасы кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5
Ош облусу 1939-жылы 21-ноябрда уюшулган. Коптогон жылдардын аралыгында анын курамы дайыма озгоруп турган. Ош облусунун азыркы аймагы олконун туштук болугун ээлейт. Облустук борбор – Ош шаары – Орто Азиядары байыркы шаарлардын бири. Ал Кыргызстанда калкынын саны боюнча экинчи болуп саналат. Облустун курамына 7 район, 3 шаар, 2 шаарча, 79 айыл окмоту, 469 айыл кирет. Калкы – 1229,6 мин адам. Аянты – 29,2 мин кв. км.
Шаардын ортосунда мусулмандардын зыярат кылуучу жери – Сулайман тоосу бар. Тоо этегине динге ишенгендер мазарларды, мечиттерди курган, алардын бир болугу биздин убакка чейин сакталып калган. Тоодогу ункурдо музей бар. Оштон алыс эмес Озгон шаарында XI-XII кылымдардагы архитектуралык комплекс – Озгон мунарасы бар. Бул мунара 11 оймо-чиймелуу тилкени камтыйт. Анын бийиктиги 27,5 м.