~
Сахабалар Аллахтын Элчиси(саллаллооху ъалайхи ва саллам)менен олтурушканда,алардын жанынан бир киши отту. Аллахтын Элчиси(саллаллооху ъалайхи ва саллам)сахабалардан:《Бул адам тууралуу эмне деп ойлойсунар?》,-деп сурады . Алар:《О,Аллахтын Элчиси(саллаллооху ъалайхи ва саллам)! Бул адам ак -соок тукумдан чыккан адам. Аллах менен ант беребиз,эгер бул адам атак-данктуу уй-булодон чыккан аялдын колун сураган болсо,анда ага,《жок》деген жооп болбойт. Эгер ал бироого болушуп,жардам берем десе,анысы да созсуз кабыл болот》,-дешти. Аллахтын Элчиси(саллаллооху ъалайхи ва саллам)унчуккан жок. Бир аз убакыттан кийин алардын жанынан дагы бир киши отту эле,Аллахтын Элчиси(саллаллооху ъалайхи ва саллам)сахабалардан ал киши тууралуу ойлорун сурады. Алар:《 О,Аллахтын Элчиси(саллаллооху ъалайхи ва саллам)! Бул бир байкуш,момун-мусулман. Эгер ал бирооно жучу жиберсе,макулдугун бербейт болуш керек. Ал эми эгер ал бирооно болушуп,жардам бергиси келсе,аны ким укмак эле》,-дешти. Ошондо Аллахтын Элчиси(саллаллооху ъалайхи ва саллам)мындай деди:《Кийинки киши,биринчи кишилердин толтура тобунан да жакшыраак》. Аллах Таала учун адамдын тукумунун ак-сооктугу эч кандай мааниге ээ болбойт. Эч ким укпаган жана сыйлабаган байкуш мусулман,бул дуйнодо кадыр-баркка ээ болушкан, бирок Аллах Тааланын жолунан ушунчалык алыс болушкан жуздогон адамдарга караганда Аллах Таалага жакыныраак! Бир хадисте келитирилгендей:《Акыр заман ,Аллах Тааланы эстеген бир дагы адам калбай калганда болот》. Аллах Тааланын аты аталып,эскерилип турган учун гана жаратылыш жашоосун улантып жатат эмеспи.
📓:"ХИКАЯТУ САХАБА"китебинен.
🌿ЫЙМАН НУРУ
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев