181) Ибн Аббас (разияллооху анху)дан риваят: «Пайгамбар
(саллаллооху алайхи ва саллам): «Ислам деген-өзүңдү Аллага толук тапшырганың, Алладан башка сыйынууга татыктуу Зат
жок, Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк бергениң, намазды тургузганың жана зекет бергениң»-деди. (Ахмаддын «Муснады»).
182) Абу Хурайра (разияллооху анху)дан риваят: «Бир чөлдүк
араб Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)га жакын келип: «Алланын элчиси! Мага ушундай бир амалдарды үйрөт, эгер аларды орундатсам, бейишке кире турган болоюн»-деди. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Алла Таалага шерик кошпой, ибадат кыл, парз намаздарды оку, парз зекетти бер, Рамазан айында орозо карма»-деди. Ал
киши:«Менин жаным колунда болгон Затка ант берем! Буларга эч нерсе кошпойм» деди. Ал бир аз узагандан кийин Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Бейиштик кишини көрүү кимди
кубантса, ушул кишини көрсүн»-деди. (Бухари).
*КМДБ РФ 🧕🏻*
Бизге катталыңыз ⤵️
Айымдар үчүн:
+7 977 902-84-13
+7 926 047-87-32
+7 901 464-61-51
Одноклассник➡ https://ok.ru/group/52447045550166 Инстаграм➡️ https://www.instagram.com/p/B5n1hUboAlz/?igshid=1cuoxzui4llpb Фейсбук➡ https://www.facebook.com/groups/1009125752761152 Ютуб➡️
https://www.youtube.com/channel/UC05Th7bcX430m3VjkXVT_bw
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев