*Мусулмандын денеси менен болгон адептери:*
*1.* Таза тамак менен азыктандыруу.
*Далил:* Айтты Алла Таала: "Эй момундар, Биз насип кылган таза ырыскылардан жегиле".
*Далил:* Жаабир (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Алланын салам- салаваты болсун)
- " Мусулман адам жети күндө бир жуунуп, башын жана денесин жууп турууга тийиш "- деп айткан.
*Далил:* Ибну Умар (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Алланын салам- салаваты болсун)
- " Эгер жумага келсенер жуунгула" - деген.
*Далил:* Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Алланын салам- салаваты болсун)
- "Беш нерсе фитраттан: сүннөткө отургузуу, жыныстык мүчөлөрдүн айланасындагы түктөрдү тазалоо, колтук астындагы түктөрдү жулуу, мурутту кыскартуу жана тырмактарды алуу"- деп айткан.
*Далил:* Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Алланын салам- салаваты болсун)
- "Эгер кимде чачы болсо, аны таза кармасын"- деп айткан.
*Далил:* Ааиша (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: ( Ага Алланын салам- салаваты болсун)
- " Эгер үммөтүмө оор болбогондо ар бир намазда мисвак колдонууга буюруйт элем" - деп айткан.
*2.* Сырткы келбетин жана кийимин таза алып жүрүү.
*Далил:* Айтты Алла Таала: "Кийимиңди таза тут".
*Далил:* Жаабир (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: ( Ага Алланын салам- салаваты болсун) кийимдери кирдеген адамды көрүп:
- " Кийимдерин жууп алууга эч нерсе таппай калыптырбы" - деп айткан.
*Далил:* Ибну Масьуд (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Алланын салам- салаваты болсун)
- " Кимдин жүрөгүндө кыпындай текеберлик болсо, бейишке кирбейт" -деди.
- Кээ бирлерибиз кийим жана бут кийимдерибиздин кооз болуусун кааласакчы деп сурашты сахабалар.
- *"Албетте Алла сулуу жана сулуулукту жакшы көрөт"*- деп жооп берди.
*Далил:* Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Алланын салам- салаваты болсун)
- " Алла пендесине берген ниьматтарын андан көрүүнү жакшы көрөт"- деп айткан.
*3.* Жакшы жыттуу нерселерди колдонуп жүрүү керек.
*Далил:* Анас ибни Малик: (Алла андан ыраазы болсун)
- " Пайгамбарыбыздан (Ага Алланын салам- салаваты болсун) келүүчү жытты, мисктен да амбрдан да таппадым деп айткан.
*Далил:* Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: ( Ага Алланын салам- салаваты болсун)
- " Ким пияз же чеснок жесе мечитке келбесин" - деген.
*_"Кырк адеп"_* китебинен.
*КМДБ РФ 🧕🏻*
Бизге катталыңыз ⤵️
Айымдар үчүн:
+7 977 902-84-13
+7 926 047-87-32
+7 901 464-61-51
Одноклассник➡ https://ok.ru/group/52447045550166 Инстаграм➡️ https://www.instagram.com/p/B5n1hUboAlz/?igshid=1cuoxzui4llpb Фейсбук➡ https://www.facebook.com/groups/1009125752761152 Ютуб➡️
https://www.youtube.com/channel/UC05Th7bcX430m3VjkXVT_bw
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев