Төгүлүп нур жүзүнөн күлкүсү ай, Жан элең гүлдөй назик Гүлбүбү ай. Жүрөктө жакшы сезим пайда кылып, Жашоого шоола болуп жүрчүсүң ай.. //-// Мамилең бардык жанга бирдей эле, Аттиң ай, жүрдүк экен билбей неге?.. Бар болгон сулуулуктун символдору, Бир болсо болоор эле, сиздей эле.. //-// Жан дүйнөң бала кыял, таптаза эле, Жашоого көз карашың башкача эле. Жакшынын өмүр жолун ченебестен, Жараткан жар болуп ай, сактаса ээ... //-// Гүлүм ай, бүтүн кыргыз ыйлап турат, Күйүттөр көөдөндөргө сыйбай турат.. Кайрылбай кеткенинди билсек дагы, Канча жан ишене албай, кыйбай турат.. 2017-жыл, 7-октябрь
Кайсыга кирбе Гулбубунун суроту журокту оорутуп...Биз эле ушунча болуп жатабыз уйундогулор куурады го...Кудайым ай бироону да жакындарынан айрыбасынчы...Эл аябай кайгырды...Жакшы адам экен....
Гулбу эже, омурунуз ушунча кыска беле ?Суук кабарды уккандан бери журогум эзилип жатат,.Эч ишенгим келбейт,айла жок жайыныз жанаттан болсун,аллахым бейишинен орун берсин.Кыздарынызга берсин калган жашынызды.
Комментарии 87
ГҮЛБҮБҮНҮН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ ГҮЛ ЧАМБАР КАТАРЫ....
Төгүлүп нур жүзүнөн күлкүсү ай,
Жан элең гүлдөй назик Гүлбүбү ай.
Жүрөктө жакшы сезим пайда кылып,
Жашоого шоола болуп жүрчүсүң ай..
//-//
Мамилең бардык жанга бирдей эле,
Аттиң ай, жүрдүк экен билбей неге?..
Бар болгон сулуулуктун символдору,
Бир болсо болоор эле, сиздей эле..
//-//
Жан дүйнөң бала кыял, таптаза эле,
Жашоого көз карашың башкача эле.
Жакшынын өмүр жолун ченебестен,
Жараткан жар болуп ай, сактаса ээ...
//-//
Гүлүм ай, бүтүн кыргыз ыйлап турат,
Күйүттөр көөдөндөргө сыйбай турат..
Кайрылбай кеткенинди билсек дагы,
Канча жан ишене албай, кыйбай турат..
2017-жыл, 7-октябрь