Шейх Абдурраззак аль-Бадр айтты:
“ Аллах ” деген аттын мааниси
Бул улуу ысым — Аллах Тааланын көркөм ысымдарынан. Ал Куранда башка ысымдарына караганда көбүрөөк эскерилет, болжол менен 2200 жолудан ашык.
Анын башка бир да ысымы мындай көп жолу эскерилбейт.
Куранда 33 аят ушул ысым менен башталат.
🌱 Кээ бир аалымдардын айтымында, мына ушул ысым Аллахтын эң улуу ысымы (аль-Исм аль-Аъзам) деп айтышкан. Эгер ушул ысым аркылуу Аллахка кайрылып дуа кылса, дуага жооп берилет, ал эми Андан бир нерсе суралса, ал өтүнүчү аткарылат [1].
🔺Аллах деген ысымындын башка ысымдардан өзгөчөлүктөрү бар.
Мисалы, ал ысым Аллахтын башка көркөм ысымдарынын негизи болуп эсептелет. Аллахтын башка ысымдары мына ушул ысымды ээрчишет.
Аллах Куранда айтат:
“ وَلِلَّهِ الْأَسْمَاءُ الْحُسْنَىٰ فَادْعُوهُ بِهَا”
“Аллахтын эң көркөм ысымдары бар, Ага (Аллахка) ошолор аркылуу дуа кылгыла” (7:180)
🔶 Аллах деген ысым башка ысымдардын баарын камтып, башка ысымдарга жалпысынан ишарат кылат. Ал эми башка ысымдары Аллахтын көркөм, кемчиликсиз жана улуу болгон илахий сыпаттарын ачыктап баяндайт. Аллах деген ысымга башка ысымдардын баары кайтат жана алардын мааниси ушул ысымдын айланасында айланат.
💬Аллах деген сөздүн мааниси эмне дегенде – эң жакшы жана толук аныктама катарында Ибн Аббастын (Аллах андан ыраазы болсун) сөзү келтирилет: “Аллах – макулукаттардын баары үчүн ибадат кылууга тактыктуу зат” 📑(Ибн Жарир өзүнүн тафсиринде келтирген)
Башкача айтканда бийиктикке, толуктукка жана улуктукка ээ болгон үчүн — Ага гана моюн сунуу менен ибадат кылууга жана Анын алдында өзүн төмөн алып багынууга — татыктуу Зат.
Булак: «Мухтасар фикхи аль-асмаи аль-хусна»
Автор: Шейх Абдурразак аль-Бадр
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев