Ошондо пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): “Эмнеге ыйладың?” деп сурады. Аиша энебиз: “Мен Тозокту эстедим. О Аллахтын элчиси, биз Акырет күнү жакындарыбызды эстейбизби?” деп сурайт. Пайгамбарыбыз(ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): “Пенде эч кимди эстебей турган үч жер бар:
- Таразанын жанында (сооп же күнөөлөрү көп экени билинмейинче);
- амал китептер таратылып “Мына, менин китебимди окугула!” деп айтканча (аль-Хаккъа, 19), амал китеби оң колуна же артынан сол колуна берилээри билингиче;
- жана Тозок үстүнөн тартылган Сырат көпүрөсүнөн өтүп жатканда” деди. Абу Давуд 4755. Эй мусулман бир тууганым! Улук Аллахтын алдында амалдарың үчүн сурак берээр күнгө сооп амалдарды аткарып даярдан. Аллахтын аяттарына ыйман келтирбей, жокко чыгаргандардан болбо. Улук Аллах айтат: “Эгер сен аларды Раббисинин алдына тургузулуп (Аллаh): “Бул (кайра тирилүү) чындык эмес бекен?!”-деп сураганда, алардын: “Ооба, йа, Рабби! Чындык экен” - дегендерин жана (Аллаh аларга): “Каапыр болгонуңар себептүү эми азаптын даамын таткыла!” - дегенин бир көрсөң эле... Аллаhка жолугууну “жалган” деген адамдар зыян тартышты! (Анткени,) Качан аларга (Кыямат) капысынан келип калганда, күнөөлөрүн жонуна көтөргөн абалдарында: “О-о-о!!! Дүйнө жашоосун (пайдасыз) өткөрүп жибергенибиз үчүн бизге кайгы!!! деп калышты. Алардын көтөргөн күнөөлөрүкандай жаман!” (Аль-Анам: 30-31). Улук жана Кудуреттүү Аллахтан бизди Өзү акыйкат жолун жеңил кылган пенделеринин катарынан кылышын, бизге эки дүйнө ыйман жана коопсуздук тартуулашын сурайм. Ааламдардын Роббусу Аллахка чексиз мактоолор болсун!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев