БАЛДАРЫМ БАЙЛЫГЫМ
Балдар менин бүчүр, бутак, тамырым,
Балдар менин шам чырагым, жарыгым.
Көктө жылдыз, жерде мүрөк суусундай,
Бул жашоодон тапкан бакыт, байлыгым.
Жылдарыма кооздук нурун жандырган,
Жүрөгүмө жылуу сезим кондурган.
Чыргоо мүнөз, тентек, эрке, а бирок,
Чаңкаганда булак болуп агылган.
Күндөй күлүп, гүлдөй жайнап ачылган,
Күлкүсүнөн күмүш тумар тагынгам.
Бермет, жакут, алтын, акак ичинен,
Байлыгым деп балдарымды тааныгам.
31.05.2023
С. Мамытова