АЛЛА ДОСТОРУНУН АТЫ ЖАЗЫЛГАН КИТЕБИНДЕ БАРСЫЗБЫ?
Ибрахим Адхам бир күнү түшүндө колуна дептер алып жүргөн Жабрайилди (алейхиссалам) көрүп:
- Колуңдагы эмне болгон дептер? – деп сурайт. Ал болсо:
- Алла досторунун аты жазылган дептер, - деп жооп берет.
- Менин ысмым да жазылуубу? – дегенде:
- Жок, сенин ысымың Алла досторунун ичинде жок, - дейт.
Капаланган Ибрахим Адхам бул сапар минтип сурайт:
- Макул, менин ысымым Алла досторунун ичинде жок болсо, Алла досторун сүйгөндөрдүн ичинде жок бекен?
- Бар!
- Анда эмнеге турасың?
Жабрайил алейхиссалам ойлоно баштайт. Эмне кыларын билбей туруп калат. Анан Раббибизден буйрук келет:
- Эй, Жабрайил! Эмне ойлонуп отурасың? Ки