=ПАЙГАМБАР С.А.В дын ХАДИСТЕРИ=
33. Салих бин Мисмар жана Жаъфар бин Буркан р.а лерден риваят: "Пайгамбар с.а.в Хаарис бин Маликке мындай суроо узатты: "Оо, Хаарис сен кандай абалдасың?". Хаарис: "Мен ыймандуу абалдамын"-деди. Пайгамбар с.а.в: "Сен чындап эле ошондой абалдасыңбы?"-деди. Ал: "Ооба, чындап эле"-деди. Пайгамбар с.а.в: "Ойлонуп сүйлө! Ар бир чындык кандайдыр бир көрүнүштө байкалат, туюнтулат. Сенин ыйманыңдын акыйкаты эмнеде байкалат?"-деп сурады. Ал: "Мен жүрөгүмдү дүйнөдөн оолак кармайм. Түнкүсүн уктабайм ибадат кылам, күндүзү ачка жүрзм орозо кармайм. Роббимдин Аршы алынып келингенин (Кыямат күнү алып келинет) көзүм менен көрүп тургандай туям. Бейиш ээлеринин бири-бирине ж