БАРАМ АПА
Мен күткөн күн убакыт келди мына
Муңга айланды жүрөктө кусалык та
Араң чыдап сапарымды күтүп жүрөм
Аз калды жакында барам апа
Барам дегем былтыркы жыл кышында
Баралбадым кечирчи мени апа
Күттүрүп карааныма зар кылдым
Буйураса барамын быйыл жазда
Сенда мени сагынып калдың билем
Жолугушаар күндү апа күттүң сезем
Мына эми жолугабыз аз күндө
Сага жетчү мүнөттү күтүп келем
Сагындым апа сагынчтан оорудум
Апа мага ар дайым керек болдуң
Кызым деген жылуу сөздү уга албай
Апаке мээримине зар болдум
Бүттү мына түгөнгүс капалуу күн
Сага кайтчу күнүмдү дайым күттүм
Сабр түбү сары алтын дечү элең
Ошол сөзгө ишенип сабр кылдым
Барам апа сен мени күткөндүрсүң
Мени ойлоп сагынып жүргөндүр