Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл аймагындагы Мазар-Суу каналы пайдаланууга берилбей жатып, айрым жерлери бузулуп, топурагы чыгып калды. Мындай пикирди жергиликтүүлөр айтып, нааразы болуп жатышканын аймактык кабарчы билдирди.
Жергиликтүүлөрдүн ырастоолорунда, 15 жылдан бери каналдын курулушу жүрүп, аягына чыкпай жатат. Канал үчүн 50 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн, бирок бөлүнгөн суммага ылайык каналдын жумушу жүргөн жок. Ошондой эле тургундар каналдан толук суу келерине ишенбей турушат. Анткени ага бир нече себептер бар.
«Миллиондогон акча бөлүнгөн каналдын айрым жерлери канал ишке бериле электе талкаланып, топурагы чыгып жатат. Анан кантип ишенебиз? Канал калың куюлушу керек эле,