23 ЖАШЫМА
Жылдар учат күлүк аттай арыштап,
Бүгүнкүдөн эртеңибиз табышмак.
Жаш кошулуп жылдар өтсө арадан,
Баратасың жаштык менден алыстап.
Толуп-толбой өткөн турмуш сынына,
Жетип келдим жыйырма үч жаш кырына.
Эмне кылдым? Кандай эмгек жараттым?
Суроо берем өткөн жаштык жылыма.
Суроо берем анык жообун ала албай,
Буулугамын өзүмдү өзүм таба албай.
Үлбүрөгөн баригиндей дарактын,
Үмүтүм шам бүл-бүл этип жана албай.
Күндөр өттү тапкан дагы, жоготкон,
Күлүп, күйүп өзүмдү өзүм соортком.
Оо жаштыгым суранамын кечиргин,
Убактыңды бекер текке коротсом.
Өрчүй бергин жанар тоодой атылгын,
Курчуй бергин сыныгындай асылдын.
Кылымдардын кыйырынан табылгын,
Өлбөй турчу ыр сабындай акындын.