УЛАМ ООРУЙ БЕРГЕНДЕН ТАЖАДЫНЫЗБЫ? АНДА..
Оорубайын десеңиз,
иммунитетти көтөрүңүз
Кээде адамдар өзүнөн-өзү ооруп, бир оорусу айыкса экинчи ооруга кабылып, канча дары ичсе деле натыйжа бербегенин, "Эч нерсе жардам бербей жатат. Айыкпай койдум",-деп андай адамдар акырында дарылануудан да баш тартып койгон учурларын жашоодон көрүп эле жүрөбүз. Медицина кызматкерлеринин айтымында, мунун себептеринин бири - иммундук системанын начарлашы. Демек, мындайда биринчи иретте иммунитетти көтөрүү керек.
Иммунитеттин төмөндөй баштаганын билдирүүчү алгачкы белгилер:
* Энергиянын жетишсиздиги.
* Бат-баттан чарчоо.
* Уйку басуу же, тескерисинче, уйкусуздукка кабылуу.
* Баш оору.
* Булчуңдардын, муунд