СИЗДИН МЫРЗАНЫЗ ЭРКЕКТИН КАЙСЫ ТУРУНО КИРЕТ?
Айымдардын оозунан “бардык эркектер бирдей” деген мүнөздөмөнү көп угабыз. Биз - аялдар анткен менен психология мүнөзүнө жана жашоо образына жараша мырзаларды бир нече топко бөлүп, жогорку ойду тиешелүү деңгээлде жокко чыгарат. Ага ылайык, сиз да өзүңүздүн мырзаңыз кандай экенине кызыксаңыз болот.
Бийликчил күйөө. Мындай мүнөздүү мырза үстөмдүк кылууну сүйөт. Муну менен катар эле өз айымына кызы катары мамиле жасап, анын муктаждыгын толугу менен канааттандырып турат. Үй-бүлөлүк жашоодо камкор, таасирдүү жана башкаргыч келет. Өмүрлүк жар тандоодо көбүнчө өзүнөн бир нече жаш кичүү айымдарга ыктайт. Бийликчил мырза үчүн жашоодо материалдык байлык
БАЛДАРДЫН АН-СЕЗИМИНИН ОНУГУШУНО ЖОМОК ТААСИР БЕРЕТ!!!
“- Апа, жомок айтып бериңизчи?! – Койчу, балам, чарчап турам!” Бул диалог арабыздагы көпчүлүк эле энелер менен баланын ортосунда айтылган. Ооба, көбүнчө убактыбыздын аздыгына же чарчаганыбызга шылтоолоп балдарыбыздын жомок угууга болгон каалоосун канааттандырбайбыз. Анткени, жомоктун балдарыбыздын аң-сезимине кандай таасир берээрин биле бербейбиз.
Уктаарында балага жомок окуп берүү – баланы уктатуунун эле жолу эмес, жомок – баланын акыл-эс жактан өнүгүүсүнө, сөз байлыгынын өсүшүнө зор таасирин тийгизет. Жомок балага 2 жашынан баштап кызыктуу боло баштайт. “Эмнеге жомок? Болбогон нерседен көрө турмуштан алынган реалдуу окуяларды айтып б