ЧАНАК (КУЗОВ)
Сатылып жаткан унаа таза болууга тийиш.
Кир болсо чанактын кемчиликтерин жашырат. Унаанын сүзүлгөнүн байкатпоо үчүн сырдатып, жылмалатышат. Бирок баштагы калыбына келтирүү кыйын. Мында чанактын кээ бир жери жаркыраса, кээ бир жери күңүрт тартып калат.Мындан сырткары:
Жүк салгычты ачып, анын ичиндеги түс менен сыртын салыштыруу керек. Эгер саргыч түс байкалса, анда сырдын алдындагы металлдын дат басканы.Шек жараткан бөлүгүнө магнит жабыштырыңыз. Эгер «шап» этип жабышып калбаса, демек, ал бөлүккө кемтикти (урунган, кайышкан жер) толтуруу үчүн шпаклёвка шыбалган.
Эгер жол кырсыгына кабылса, ширетилген бөлүктөр түз эмес болот.КЫЙМЫЛДАТКЫЧКыймылдаткыч тазаланган болсо, демек, бир м