22-ноябрь күнү Имамидин Ташов түптөгөн «KG ГРУПП» курулуш компаниясы салтка айланып калган, жыл сайын өтүүчү “Эң коп балалуу үй-бүлөгө «KG ГРУПП» курулуш компанисынан белекке батир” аттуу сынагынын жыйынтыгын чыгарып, бактылуу үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батир тапшырды.
Аталаган сынак 4 жылдан бери өткөрүлүп келет. Ушул жылдын март айында башталып, атайын критерийлердин негизинде жаш үй-бүлөлөр кайрыла башташкан.
Сынактын шарттарын айта кетсек:
Кыргыз Республикасынын жараны болушу абзел,
Ата-энеси 40 жашка чейин болушу керек,
Мүлкү катталган же катталган эместиги тууралуу аныктама,
Үй-бүлөсү тууралуу жашаган жерден аныктама берилет,
Ата-энесинин, балдарынын окуудагы, жашоодогу жетишкендиктери
22-августта 2018 жылы Бишкек шаарында Имамидин Ташов башкарган курулуш компаниясы Курман айтка карата 580 кишиге кайрымдуулук иретинде тамак-аш тартуулап, эт таратты. Катышуучулардын арасында майыптар, жардамга муктаж болгон жарандар болду. Курман айтка аталган компания 16 бодо мал жана бир нече кой сойгон. Буга чейин кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурап, Улан Эгизбаев каза болгон. Имамидин Ташов мындай кайгылуу окуяга кайдыгер карабай, анын үй-бүлөсүнө эки бөлмөлүү батирди белекке берген.
Аталган компаниянын президенти өз сөзүндө “Былтыр Курман айтка карата адамдарды чакырганда 380дей жаран чогулган. Быйыл чакырылгандар 580дөн ашты. Курман айт – дасторкон жайып, ал акыбал сур