Урматтуу кыргыз элим!
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм! Мекенибиз көз карандысыздыкка ээ болгонуна 28 жыл толуп олтурат. Тарыхка кайрылсак ата-бабаларыбыз кан-жанын аябастан эл-жерибизди коргоп келишкен. Бул убакыт ичинде өлкөбүз ар кандай оор кырдаалды башынан кечирди. Андан бери кандай гана окуялар болбосун кыргыз эли сабырдуулугу жана кайраттуулугу менен алдыга умтулуп келет. Эң негизги биздин байлыгыбыз бул эл-жерибиз. Ошондуктан элибиз ынтымактуу болуп, өлкөбүздүн мына ушул эркиндигин көздүн карегиндей сактап, келечек муунга татыктуу өткөрүп беришибиз керек.
Ошондой эле чет жакта жүргөн мекендештерибизди дагы баса белгилеп, куттуктаг