Спорт-ден соолуктун булагы
11-май күнү Ош шаарындагы илим, билим кызматкерлеринин профсоюз уюму тарабынан өткөрүлгөн спартакиадасында Кыргыз-Өзбек университетинин жамааты байгелүү орундарга жетишип кайтты. Кыргыз-Өзбек университетинин мугалимдеринен куралган воллейбол оюну боюнча эркектер курама командасы эң жогорку деңгээлде оюн көргөзүп жыйынтыгында 1-орунду багындырышты. Ошондой эле КӨУнун окутуучусу Токтобаев Азамат "Мыкты оюнчу" номинациясына ээ болду. Бул Кыргыз-Өзбек университетинин эң алгачкы жеңиши экенин денетарбия мугалими жана КӨУнун воллейбол боюнча машыктыруучусу Азат Токтобаев билдирди. Анын айтымында буга чейин деле байгелүү орундарга жетишип келишкен, ал эми 1-орунга быйылк