Ат башым кымбат мекеним,
Айтууга жетпейт сөз, демим
Аскасы тиреп көрк берген,
Ажайып асыл жерденмин!
Улары тоодон үн салган,
Бүркүтү шаңшып сүр чалган.
Көз салып сүрдүү тоолору,
Көркөмү менен кубанткан.
Абасы таза сергиткен,
Жайлоосу толо мал күткөн.
Эли бир сонун кең пейил,
Эңсетип ичтен сүйүнткөн.
Ат башым ырыс, кешигим,
Даңктоого жетпейт сөз, күчүм.
Татыктуу болсом деп тилеп,
Талпынып келем сен үчүн.
Өркөнүң өссүн мекеним,
Өзгөргүн жылда кеңейгин.
Тамшантып өткөн кеткенди,
Таңдантып төргө өткөргүн.
Койнуңдан чыгып асылдар,
Коомго пайда тийгизген.
Даңкыңды угуп алыстан,
Даанышман эли..дегизген.
Бар болгун, асыл мекеним !
Айдарова Чынара Абдымаликовна
4.08.2017.ж.
Ат башым кымбат мекеним,
Айтууга жетпейт сөз, демим
Аскасы тиреп көрк берген,
Ажайып асыл жерденмин!
Улары тоодон үн салган,
Бүркүтү шаңшып сүр чалган.
Көз салып сүрдүү тоолору,
Көркөмү менен кубанткан.
Абасы таза сергиткен,
Жайлоосу толо мал күткөн.
Эли бир сонун кең пейил,
Эңсетип ичтен сүйүнткөн.
Ат башым ырыс, кешигим,
Даңктоого жетпейт сөз, күчүм.
Татыктуу болсом деп тилеп,
Талпынып келем сен үчүн.
Өркөнүң өссүн мекеним,
Өзгөргүн жылда кеңейгин.
Тамшантып өткөн кеткенди,
Таңдантып төргө өткөргүн.
Койнуңдан чыгып асылдар,
Коомго пайда тийгизген.
Даңкыңды угуп алыстан,
Даанышман эли..дегизген.
Бар болгун, асыл мекеним !
Айдарова Чынара Абдымаликовна
4.08.2017.ж.