Урматтуу, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Искусство жана Маданият университетинин бүтүрүүчүлөрү!!!! Сиздерди (0312) 57-81-76, 0701-87-87-80 номерине байланышууңуздарды суранабыз!!!
Урматтуу мекендештер, Кадырлуу Алатоолук агайын-туугандар!
Сиздерди
Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана искусство университетинин жалпы жамааты
жаратылыштын жаңылануусун даңазалаган Нооруз майрамы менен куттуктайт!
Ар жылы жаз сайын бүткүл эл майрамдоочу Нооруз берекенин,
сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун,
мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу
майрам болуп калды.
Нооруз майрамында элибизди тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке,
ак эмгекке чакырган аруу каалоо тилектериңиздер ишке ашышына
тилектешпиз. Ушул кубанычтуу майрам күнү жергебизде бейкутчулук,
токчулук болуп, улуу Нооруз күнү жаралган ыйык жана таза сезимдериңиздер
эч
Бүгүнкү устат – кечээги шакирт. Устаттын устаттыгы шакирттик баскычтан
татыктуу өтүп, тажрыйба топтоп, өсүп-өнүгүп, бийик деңгээлге жеткенде,
өнөрдүн негизги эрежелерин, сырларын өздөштүргөндө гана билинет. Шакирти
жок өнөр ээси устат эмес. Демек, шакирти болмоюнча, устат болбойт.
Устаты болмоюнча, шакирт да болбойт. Ооба, устат менен шакирттин
ортосунда ар дайым эле жандуу байланыш боло бербейт. Айрым учурда көзү
өткөн адамды деле устат тутуп, анын калтырып кеткен мурастарынын
(өнөрүнүн, оюнун, ишинин) негизинде тарбияланган шакирттер болот.
Бара-бара кайсы бир устаттын айлананасында бир канча шакирттин топтолушу
өзгөчө чыгармачылык мектептин, руханий борбордун түзүлүшүнө алып келе
Мээримдүү энелер, татынакакй айымдар, супсулуу эже-сиңдилер жана
Урматтуу кесиптештер, сиздерди 8-март майрамыңыздар менен куттуктоо
менен бирге, ачык маанай, шат көңүл каалайм. Аткарган кызматыбыз
каалагандай жыйынтык берип, тоскоолдуктарды кыйынчылыксыз жеңе билели.
Аялдык бакытты Аллахым аянбай берсин! Жакшылыктарга даяр болсоңуз ар
дайым жакшылык болорун эсиңизден чыгарбаңыз! Үй-бүлөнүн очогун жылуу
кылып кармап турган силерсиздер, ардактуу асылзат айымдар! Дагы бир жолу
майрамыңыздар кут болсун!
2017
– жылдын 24- февралында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият
жана искусство университетинде «Ыйман,
адеп жана маданият жылынын» алкагында 21-
февраль «Эне тилди коргоонун эл аралык күнүнө арналган «тил – акыл жарчысы,
жүрөктүн ачкычы» деген иш – чара өткөрүлүп, ага университеттин администрациясы,
окутуучулар жамааты, студенттер катышышты. Бул иш- чара университеттин тил жана
адабият кафедрасынын англис тили боюнча улук окутуучусу Чудобаева Нарина, орус
тилинин окутуучусу Анарбаева Гулзат жана
кыргыз тилинин окутуучусу Чекеева Бегайым тарабынан даярдалып, иш – чарага
бардык факультеттердин студенттери тартылды.