41- БӨЛҮМ.
Тагдыр эмне деген гана күндөргө салат. Беш минуттан кийин адам эмне болуусун эч ким билбейт. Балким түбөлүктүү бир бактылуу жашоону, эңсеген ыссык деми менен, алоо отко күйдүргөн махабатты эңсейт, ашыгат, аракет кылат, жетет. Же балким, түбөлүк кош айтышып, эки жүрөк бири -биринен түбөлүккө кош айтышаары мүмкүн. Кээде тагдыр ушунчалык таш -боор. Эч кимди аябай, кабагынан кар жаадырып, каалгандай адам менен ойногонду жактырат. Азыр баары бактылуу. Бирок убактынча. Саналуу, сааттар, же мүнөттөр эмне, болуп кетээри белгисиз. Кандуу согуштун аягына чыга албаса да, ишин таштап,тек жакшылыкты ниет кылып, сүйгөн жарына карай келе, кол узатып, экөө бирге турмуштун даңгыр жолуна аттанган кош жүрөктөр үчүн бүгүнкү күн аябай баа жеткис маанилүү күндүн бири.
Каректер бири -бирине кадалыша күлүңсүрөп үнсүз, жүрөктөр менен сүйлөшкөн эки жандын кубанычтуу күнүнө келген коноктор да дал өздөрү сыяктуу жакшы маанайда.
Нике күбөлүгүн колуна тапшырган күбө экөөнү эми расмий түрдө эрлүү, зайып деп таап, муну толгон чоң зал ичине угуза сүйлөп, өзү баш болуп куттуктап, артынан отурган элдердин дүркүрөгөн кол чабуулары коштоп турду.
— Менин өмүрлүк жарым.
Амантур Сезимди күлө карай, акырын маңдайынан сүйүп алды.
Сезимден өткөн бактылуу жан жок.
Тинатин экөөнү куттуктап, башы асманда. Тээ өзүн сырттан көз албай унаа ичинде тиктеп отурган Рамисти байкаган жок. Ооба унутпады. Бирок курбусунун жакшы күнүндө кантип көңүлү чөгүп отурмак? Арманын ичине жутуп, Рамисти көздөрү менен издеп алган мене, таппай үмүтү үзүлө 'сыртынан элге күлө карайт.
— Узак өмүр кечиргиле! Бакыттын багында болгула. Курбум сага аманат эми...
Амантур менен кол алыша жылмайып , Сезимди болсо бекем кучактап алды.
— Рахмат жан курбутайым. Сен дагы албетте бактылуу болосун.
Амантур да ыраазычылыгын айтып Сезим да жылмайып курбусун жоошутууга аракет кыла койду.
**********
Убакыт зымырык куш эмеспи? Антип -мынтип отуруп тойдун бүтөөрүнө да аз калган. Ар кандай көңүл көтөргөн ырлар- бийлер айтор той кана ичи көңүлдүү.
Тээ алыстан кетүүгө камданып, кайра суктана карап отурган Рамис бир топтон соң унаага отурду.
— Жүрү эми кеттик. Барбасак болбойт.
Унаа зуулдай, Рамис менен Кубат кайта бергенде үстү башы капкара өңдөгү, чүмкөлгөн белгисиз унаа, өздөрүнө кайчылаш өтүп баратып, акырын терезесин ачып, тиги унаадагы айдоочу, көз кырын Рамиске сала,« — эмне кылып аласын »? деген сыяктуу, ырсайа тиктеп, кайра терезени дароо жаба салып ары көздөй зуу койду.
Бул шектүү күлкүнү Рамис дароо байкады. Бирок ким экени эсинде жок. Ким бул?
Бир аз ойлуу баратып, Кубатка дароо артка кайтуусун буйруп,
— Кубат артка айда! Бол батыраак! Артка Кубат! Тиги унаанын артынан.
Рамистин үнүнөн дароо артты карай бурулган Кубат унааны тигилердин артынан көздөй айдап жөнөдү, бирок көздөн кайым болгондой унаа заматта изин таптырбай жашырынып кетти.
************
Түн бир убакыт.
Катарынан тизиле токтогон унаалар эски, бүтпөй ураган жаман кабат үйдөн обочороок жерге токтошуп, ичинен куралданган жигиттер чыгып, буйрукту аткарууга даяр турушту.
— Билдирип койсок экөөнүн тең башы кетет. Өзүңөрдү билдирбөөгө аракет кылгыла.
Амир өзү да куралдана, алды көздөй жылып баратышты. Артынан узактан калып кеткен Емилини көрүшкөн да жок. Амантур милиция кызматкерлерине байланышканда алар, мына-мына жетип калгандарын айтышкан.
Аларды күтсө убакыт текке кетип калчуудай тызылдап, башка күтө албастыгын айткан Амир милициядан эч кандай пайда жок экенин билип, өздөрү, туш тараптан курчаша ичкери жөнөштү. Жигиттери аябай эле көп. Душман тарап да, кайтарууда турган алар да өгүздөй болгон он чактыдайы бар. Баарын аз-аздан тындым кылыша эсин оодара кетип баратышты.
Бул учурда Аскатты кыйнап бүтүп эми , Лунараны кыйноого өткөн.
— Мейли Аскат сөзгө түшүнбөйт экенсин, анда мен, мен башкача тактика колдонойун эмне дейсин?
Ары жактан чооң чүпүрөктүн айрындысын алып келе койгон бири Лунаранын башын өйдө карата, жүзүнө жаап жиберди.
Көздөрү чекчейе түшкөн Аскат, жаны чыгып жаткан эмедей өкүрдү.
— Мени кыйна! Мени кыйна канча кыйнасаң мейли. Кызга тийбе.
Атакелеп тызылдаган Лунара тигилер эмне кылып жатканын да көргөн жок, боолгоп да биле албай, тек гана жүзүнө жабылган айрынды чүпүрөк менен эмне кылышаарын билбей, жан соогалап аталайт.
Жырткыч эмелер угаар түрлөрү жок. Ал тургай бири жанатан даярдап койгон чакадагы сууну идишке куйуп толтуруп, уламдан - улам Аскатты эми эмне кылаар экенсин дегендей карап койот.
— Мейли айтам. Кай жерде экенин айтам Эгер кызыма тийбесеңер айтам. Суранам тийбегиле.
Аскат жан соогалап жалынып жиберди.
— Оо бул эми башка геп. Кана айтчы.
Аскат бир аз ойлоно түштү. Эгерде азыр айтса, эки зөөкүр экөөнү тең тындым кылаары анык. Бирок айтпаса кызы эмне болот?
Мунун баарын Аскаттын оюн окуп койгондой тиктегеп, аркы зөөкүргө баш менен ымдай буйрук берди эле, анысы дароо ишине кирише, алсыз кыздын жүзүнө жабылган чүпүрөктүн үстүнө шатыратып жанатан даярдап отурган сууну куйуп жиберди.
Карылуу колдор, кыздын тырмышып, тыбырчылап жатканына карабай, күчтүү колдор бекем кармай, жүзүн көктү тиктете жабылган чүпүрөктүн үстүнө сууну куйа берди. Кыз же жута албай, какап -чакап, эмне кылаапын билбей думчугуп баратты.
— Менин иш канамдын астында подвал бар, анын ичинде дубалда илинген чоң сүрөттүн артында сейф бар ошондо. Баары ошондо сен издеген нерсе ошондо. Суранааааам кызыма тийбееее....
Аскат тыбылчылай баарын айтаар замат аркылар тык токтоп, кыз жүзүнө куйулган суудан улам энтиге дем ала- албай жатты.
— Жана эле ошондой десең болмок!
Каршылашы Аскат жалган айтпаганын текшерүү үчүн,ошол жакта даяр жүргөн жигиттеринин бирине буйрук берди. Алардан заматта туура экенин,Аскат калп айтпаганын билген соң,жанындагысына кайрыла,
— Кеттик! Болду ишиң бүттү! Сен болсо бул экөөнүн болсо көзүн тазала!
Эми керек эмес жандай, экөөнү өлтүрүүгө дароо буйрук берген киши , шашыла сыртты көздөй кетип баратып, кайдан - жайдан, ким урганы белгисиз, желкесине тийген катуу соккудан улам, күп эте эси ооп кулап түштү. Аркысы шашкалактай калып куралын алгыча аны да так мээге баса аткан Амир даро ичкери көздөй кирип барды.
Ичинде калган бирөөсү даярданып, кыздын мээсин чачырата атууга камданып куралын так маңдайга кезеп турган менен Амирдин куралындагы ок, биринчи атыла, дал өзүнүн жүрөк тушун тешип өттү.
— Чечкиле тезирээк. Бул жерден эртерээк кетпесек, калганы да келиши мүмкүн.
Аскатты чечип жардам берүүгө буйруган Амир өзү,жанатан эсине,араң,келип, кайра эсин жоготуп жаткан Лунараны эч кимге карматпай, шашыла буту колун чечип колуна так көтөрө сыртты көздөй жөнөп баратты.
— Азыр... Азыр баары жакшы болот. Чыда. Сен күчтүүсүн, күчтүүсүн чыда. Көзүңдү жумба.
Ушундай сүйлөп ала ылдый көздөй түшө берди. Жигиттердин жарымы Амирди коргоп, курчап баратса, жарымы, ар - бир кабатында суналып эч нерсе билбей жаткан жансыз денелерди чогултуп жатышты.
Аскатты экөөсү колтугунан сүйөп кармай, ылдый көздөй түшүп барат.
Кызым... Луна... Кызым.
Аскаттын оозунан ушул сөз түшпөй артынан эки көзү, жанатан Амирдин колунда узун чачтары жерге сеңселе, өзүн араң -араң күчкө салып өзүн жоготпоонун аракетин кылып, ошол эле учурда, атасынан көз албай тиктеген тейде кетип бараткан кызынан көз албайт.
Сыртка чыгып, шашыла унаа тарапка жөнөгөн убакта өздөрүнөн көз албай теше,тикирейе тиктеп турган Емилини көрө ордуларында тык токтой, баарынын көздөрү Емилиден алынбай, ал тургай Аскат да биринчи жолу, өз кызынан өзү корко, денеси титирей түштү.
— Емили?
Аскаттын дирилдеген оозунан ушул сөз араң чыкты. Амирди теше тиктеген Емили, куралын артына катып, Лунараны көтөрүп турганын көрө андан бетер ачуусу кайнады.
— Мени көрөм деп ойлогон эмес белеңер?
Емилинин бул сапар үнү мурдагыдан такыр башкача, жоон 'анан, ачуулуу чыкты.
— Емили... Емили...
************
Тойдун көркүн ачкан кош ашыктар бирге бактылуу күндөрүнүн кечесин кызыктуу өткөрүп жатышты. Улам-улам айтылган тосттор, каалоо тилектер, ырдалган үндөр, бийлеген жакындар. Эч -ким азыр эмне болоорун, душман сырттан аңдый,өздөрүн ач бөрү сыяктуу тиш салаар убакытты күтүп жаткандарын сезип да, байкап турган жок. Араларында Динара да бар.
Эң- чоң душмандар, Динара, Амантур, жана Тинатин. Ушуларды жок кылуу максаттары.
Кымбат жалтыраган куралдарын ичине каткан эки үчөө тойканадан арыраак жакта унаалрын токтото, даярбыз дегендей, Рамистин атасын карап алышты.
— Кожоюн биз даярбыз.
Үчөөнүн бирөөсү ошол, жанагы Тинатинге кол салган жигит. Кожоюндун ишенимдүү адамына айланып, кечээ талаадан куткарып кеткенда ошол.
— Ийгилик силерге үчөөнүн башысыз келбегиле! Эгер каршылык көрсөтсө баарын жок кылгыла. Амандын аялынан өйдө.
Үчөө баштарын ийкеп, акырын тойкананы көздөй жөнөштү. Килейген асынма куралдарын акырын катып алып, баштарына жүздөрүн бекиткен үчөө ичкери көздөй кирп баратты.
Тойканага кирүү кыйын деле эмес. Анын үстүнө баары кызуу тойдун кызыгын көрүп жыргап алышкан. Үчөөнү байкаган деле киши болгон жок.
— Мен азыр келем. Бул жакка чыгып, өң келбетимди түздөп келейин.
Амантурга шыбыраган Сезим акырын ары баса берип, эшиктин күзгүсүнөн бей тааныш үчөөнө көзү түштү. Ал учурда Амантурдан бир кыйла алыстай түшкөн. Шектүүлөрдүн колдорунда бекиткен, кандайдыр нерсе бар экени даана байкалды
— Амантур сак бол!
Сезимдин катуу кыйкырган үнү чоң зал ичин жаңырта түшүп, элдин баары, ага кошо Амантур элейе үн чыккан тарапты карашты.
— Тина- тии- иии- иин....
Ага удаа эле Рамистин үнү коштой, эч нерсени түшүнбөй туруп калган Тинатинди кайдан -жайдан пайда болгон Рамис басып жыгылды. Ага удаа эле кулак мурдун жарган ызы чуу, куралдын токтобогон үнү , айнек, идиш, буюм эч нерсе калбай быркыратып, сыныктары үстөл үстүнөн алыс учуп жатты.
***********
— Емили кел сүйлөшөлү?!
Амирдин сөздөрү жоопсуз калып, муздак көздөрү менен теше тиктеген Емили, Лунараны карап алды.
— Сүйлөшөлү? Эмнени? Мен сүйлөшүүнү кааладым. Башында кааладым. Азыр эми кеч.
Артында бекиткен куралын дароо кезей курокту эки-үч жолу басып алды.
Эмне болуп кеткенин түшүнө албай өзү менен кошо, Амирди басып жыгылган атасын көрө койгон Лунара жер сууну жаңырта бакырып жиберди. Амирди атууга үлгүртпөй, Аскат экөөнү тең басып жыгылып, өзүн окко тосуп берген.
— Ата... Атаке... Атакееееее....
Лунаранын үнү ушундай аянычтуу чыга, оозунан кан атып, кызыл жаян канга бойоло түшкөн атасынын башын кучактап , боздоп отура берди.
— Өлбө! Жок! Өлбө! Ата сен өлүшкө акың жок! Акың жок мен сени эми тапканда, мени дагы таштап кетүүгө акың жок. Атакееее....
Артынан жете келген милиция кызматкерлери колуна калтырай куралын кармаган Емилини колго алышып, жарымы кылмыш болгон жерге карай жөнөштү.
Амир ордунан тура , араң жан жаткан Аскатты көтөрүп, жан сакчылары болсо буту канча күн тушалып, отура берип иштебей калган Лунараны көтөрүп унаага салып, жакын жердеги оорукана көздөй зуу койду .
Амантур жубайынын өзүн тосо, кучактай кулап качан кана оозунан кан атып кете, кийген ак көйнөгү кызыл ала, канга чылана берген убакта өзүнө келе чоочуй Сезимди карады.
Шектүү үчөөнү байкаган Сезим Амантур үчүн келишкенин билип, өзүн куралга тосуп бере, артынан тийген эки -үч ок, денесин тешип өткөн.
Дароо туш тарап ызы-чуу боло, кандын жыты мурунга өрдөй, тыптыйпыл боло түштү. Динара, Кубат дагы бир эки адамдар атышкан менен пайда чыкпай душман өз иштерин бүтүргөн сымал, дароо сыртка чыгыша, издерин суута кетишти.
— Рамис - Рамис Рамииис.... Рамииис....
Тинатин Рамистин былк этпей үнсүз жатканын байкап, ордунан атып туруп, Рамисти ойготууну аракет кылды. Бирок жок. Катуу тийген октун айынан Рамистен үн чыкпай, сулк жаткан.
— Тез жардам! Тез жардам. Жардам бергиле. Жардаам.
Амантур ал жакта аялынын башын кучактай, Тинатин бул жакта Рамисти кучактай, Кубат менен Динара баардык жарадар болгон жандарга, жардам көрсөтө жүгүрүп жүрүшөт.
Заматта тез жардам жетип келе, милиция кызматкерлери топтолуша, ызы- чуу боло, оор жаракат алган Рамис менен Сезимди бекем кармай, экөө, экөөнү койо бербей, ээрчий
тек гана экөө тең ичтеринен бир тилек менен Кудайга жалынышат.
*****************************
Ооруканага жетээр замат ыкчам жардам көрсөтүлүп, бир канча сааттарга созулган операция натыйжасын берип, Аскаттын ичине тийген куралдын огун алып чыгышып,
Амир менен Тинатин да ак халатчандарын эмгегинин үзүрү аркылуу операциядан ийгиликтүү чыгышып, бирок дале эстерине келбей таттуу укйкуда.
Сезимдин ооруканда экенинен пайдалана, Аман, акырын Тинатинге иштери бар экенин, бир кабар болсо айтып кабарлап койоорун суранып,өзү сыртты көздөй жөнөп кетти.
Кайдадыр кетип баратты. Кубаттан баардык дарегин сурап, өзү да, бутуна чейин куралданып, ачуулуу, душмандын азыр жашырынып отурган үйүнөн өйдө таап ичкери кирип барды.
Амантурду келет деп күткөн сыяктуу. Же Баары -бир ажалы жеткенин билгенби, жөн гана, эч кандай ызы -чуусуз каршы алган Рамистин атасы бөлмөдө жалгыз отурган.
— Сени Кудай сактаса, мен канча өлтүрөм десем да бекер экен. Дале болсо жигиттерим жумушун аткара алышпады . Же сен аябагандай жолдуу неме көрүнөсүн. Ар дайым ажалдын чеңгелинен суурулуп чыгасын.
Рамистин атасы акырын ордунан туруп, адатынча бокалына виносун куйуп, кулкулдата жутуп,
— Мен сага жеңилдим.
— Акыры көрүшчүү күнүм бар экен сени менен.
Амантур кыжырдана куралын кезеди.
— Ооба албетте. Эки адам көрүшөт.
Амантур, сен бул каралар дүйнөсүнөн оңой менен чыгып кетем деп ойлойсунбу? Жоок -жоок Бул жашоо ушундай, күчтүүлөр алсыздарын басып өтө берет. Мында эч кандай үй -бүлө, дос деген жок. Дал азыр менин жанымды сен алсаң, эртең дагы башкасы сенин жаныңды алат. Кандай дүйнөгө түшкөнүңдү билесинби? Мен билген ооо... Канча кылмышкерлер жатат. Сен мени гана жеңдиң. Эртең менин өчүмдү алчуулардан абай бол.
Рамистин атасы ыржайып күлүп, бокалын Амантурга карай көтөрүп, кул эте көтөрдү.
— Ар -нерсени келжиребе как -баш чал! Сендейден канчоо болсо, баарынын түбүнө жетем.
Амантурдун сөзүн кулагына да илбей,
— Менин атымдан менин акмак уулумдан кечирим сурап койчу.
Рамистин атасы акыркы жолу ушул гана сөздү айтты да, үн катпай ачуулу тиктеп турган Амантурду бир карап, жанатан даярдап койгон куралын колуна ала, өзүнүн чекесине кезеп , курогун басып ала кан терезеге жайыла түштү.
Амантурга жеңилип, жан соога кылгысы келбеди көрүнөт.
Амантур жеңилдей түштү. Сыртка чыгып баратып, эшик алдында жаткан эки жансыз денени көрдү. Көрсө тапшырманы аткара албаган үчүн эки аскеринин мээсин чачырата атып, андан соң өзү Амантурду күткөн экен.
Үчүнчүсү, Тинатинге кол салганы кайда жоголгону белгисиз. Ким билет балким Рамистин атасы айткан сөздөрүндө бир чындык жатты бекен? ??
************Бир канчп күндөн соң.
Динарага болгон окуянын баарын айтып берди, бирок Динара бул учурда Аманды камагысы келип турган жок. Рамистин атасы өлүмүндө Амантурдун '' бир дагы шектүү тырмак издери жок экенин айтып, Амантурду актап чыкты. Камалам деп ойлоп отурган Амантур Сезим үчүн баарын кылууга, макул эле.
Рамистин атасынын акыркы сөздөрү Сезимге дагы зыян тийгизип албас бекенмин деген ой коркууга салып койгон.
— Кетишиң мүмкүн бул жерде сага тиешелүү эч нерсе жок. Келинчегиң жанына бар, азыр ага керексин.
Динаранын сөздөрү баардык ойдон алаксыта ишенип - ишенбей чынбы деп таң кала сурап алды.
— Чын.
Динара жылмайып жооп берди.
Ушуну эле күтүп тургандай 'бекем Динараны катуу кучактап жиберип,ыразычылыгын айтты.
— Бара гой эми.
Далысынан таптап койгон Динара Аманды узатып, өзү арттан саамга тиктеп турду.
*********
Бир канча айдан соң.
Колуна шарак эте кишен салынып, унаага көздөй алып чыгып бараткан Кубат менен Рамисти Тинатин узата карады.
Рамис да унчуккан жок. Тек гана милициянын жетегинде кете берди.
Чыдаган жок окшойт, Тинатин артынан чуркап жете милицияга Рамис менен сөзү бар экенин айтып, алды көздөй колунан акырын жетелей басты.
—Мен сени күтөм. Кандай болбосун, аман чыгышыңды күтөм.
Тинатин ушуларды акырын шыбырап алды да,Рамиске тигиле саамга тиктеп, кайра узатты.
Рамис да жүрөгү эзиле түштү.
— Мен албетте сага кайрылып келем.
Рамисти Тинатинди сактап калганы үчүн, жеңилдетилген жаза аркылуу атасынын сөзүн, тапшырмаларын аткарганы боюнча бир канча жылга эркинен ажыратылган.
Рамис баарын өз мойнуна алып жазасын өтөп чыгууну да көздөдү. Амантур өз кызы боюнча Рамисти эч кандай күнөөлөй алган жок. Ал тургай Алина да келип, Рамис менен Кубат кандай куткарып калганын сот залында айтып берди.
Ушунча сөздү угуп отурган Тинатин Рамистин чын эле жакшы адам экенин, өзгөрсө болооруна көзү жетип, кетип бараткан караанын узата тиктеп кала берди.
**********
Аскаттын ооруканадан чыкканына бир аз болду. Бирок дале өзүнө келе албай, төшөккө мыкталып калган. Лунара атасын карап жанында. Экөө сүйлөшөт, тамак бирге ичет. Көчөгө айлантып чыгарат майыптар отуруучу отургучта. Күндө алаксытууга аракет кылат. Мени деп ушундай абалга түштү деп өзүн -өзү жейт. Эми жакында Амирдин кеңеши менен чет өлкөдө жакшы дарыгер таап, ошол жакка жөнөтүүнү ойлоп жаткан. Эмнеси болсо болсун, атасын кайра бутка тургузуу үчүн баарына барат.
Амир болсо баарынан өч алып, тирүүлөрүн каматып да жиберди. Эң башкысы Емилинин атасынын көзүн тазалады. Андан жок, же мындан жок орто жолдо калган Емилинин апасы болсо эч нерсеси калбай 'жалгыз башы кызынын күйүтүн тартып көчөдө калып кетти.
Емили адам өлтүрүүгө аракет кылууга айыпталып бир канча жылга соттолду.
***********
Бир канча жылдан соң.
Өзүнүн аты жөнүн уккан Рамис ордунан ыргып тура калды. Түрмө ичинде жарыкты көрө элегине да далай жыл болуптур. Шашыла ордунан туруп түрмөнүн эшиги тарапка басып келди.
— Артыңды кара.
Милиция өктөм сүйлөй колун артына кишендеп, коопсуздук үчүн анан акырын эшикти ача салып, бош экенин,кайра түрмөгө кайтпоосун айтып, колуна буюм тайымдарын карматып, эркиндикке чыгарды .
Эмне болуп жатканын түшүнө алган жок. Дагы бир жыл отуруусу керек эле. Бирок жакшы көрсөткөн жүрүм - туруму үчүн, түрмө убактысы кыскартылганын айткан милиционер жигит күңк этти
— Эмне кабагыңды чытыйсын? Же дагы отургуң келеби? Күндүн көзүн көргөнүңө суктанасын деп ойлогом.
Тиги милиционерге кошулуп, Кубатты жетелей дагы бирөө келди.
— Бул экөөнө таңмын. Деги кеткилери келбейби эмне?
— Дагы эле турасынбы?
Эки жаш орган кызматкерлердин сөзү эми жеткендей, Рамис да, Кубат да сырттка карай чоң дарбазаны көздөй шашыла жөнөштү.
— Кожоюн бизди неге чыгарышты экен?
Кубат таңдана сурап алды.
— Билбейм Кубат! Билбейм! Ошентсе да мен сени көргөнүмө кубанычтамын.
Э Көө кучакташа көрүшүп, ары жакта турган унаага көздөрү түшө саамга тиктеп туруп калышты.
Ичинен түшкөн Аман менен Тинатин экөөнү тосуп турушкан.
Өзүнөн -өзү шилтенген кадамдар эки жүрөктү, бири -бирине карай шаштырып заматта жакын жете келишти.
— Жакшысынбы?
Биринчи эле берген суроосу Тинатиндин ушул болду.
Саамга көздөрүнөн көз албай тиктеп алган Рамис күтүүсүздөн кызды колдон тарта кучагына бекем кысып, чачтарынын жытынан, кере-кере жыттап алды да, акырын шыбырап алды.
— Эми жакшымын. Жакшымын.
Кубат менен Амантур учурашып, аны да Алина күтүп жатканын угуп,чогуу баары шаарды көздөй сапар алышты.
Сезим да айыгып, өз ордуна акырындык менен келип жаткан.
**********
Үзүлгөн үмүттөр. Бул бир кыздын тагдыры. ичинде эң чоң каарман бул Белес. Албетте анын башынан өткөргөн азаптар, сынып, ойрон болгон ой максаттары, жашодон эч нерсе үмүт кылбай, башкача сезимде көрүп, өзүндөй азап тарткан байкуш кыздардын жанын сууруп алып, өмүрүн кыйган Белестин тагдыры. Жөн гана турмуштан запкы жеген бир кыздын жашоосуна кандай кирип келгени. Аны бир гана ошол кыз түшүнө алганы, ага кээде жаш баладай мамиле жасап, эркелете билгени, кыздын ошондой коркунучтуу инсан менен мамиле куруп , ал тургай көнүп калганы тууралуу жазылган роман.
Мен бул жерде өмүрдүн табышмактарынын бир аз гана көз ирмемин жазып чыктым.
Эгер ар- бир наристеңерди кордой берсеңер, жашоодо далай Белестерди жаратасыңар. Менин инсандарга кайрылуум ушул гана. Наристеңердин үмүтүн үзбөгүлө .
Мен Белести кийин түшүндүм. Тагыраак айтканда ал тууралуу чындыкты мен кийин билдим. Өгөй атанын зордугу, кордугу, мен Белестин бир бурчта качан келип баса калып, кумарын кандырып, андан соң сабайт деп көзүн жалдыраткан, таш боор эненин, Белестин туулганы үчүн күнөөлөп, беш тыйынга сатып, көчө тентиткен кичинекей бала Белести элестеттим. Анын жашоосу ушунчалык аянычтуу. Ал өзү билбеген абалда ошондой жашоодо кыйналган азап тарткандарды кыйнабай алып кетүүнү көздөгөн бир байкуш деп билдим. Менин бир гана өтүнүчүм балдарга камкор болгула демекчимин. Калганын китептен окуп алаарсыздар. Баары ичинде камтылган.
Чоң залда сүйлөп турган Лунара дал ушундай Белестин жашоосун бир роман жазып, китеп чыгарып, китептин бет ачаарында элдин баары кыздын сөзүнөн көздөрүнө жаш алышып , ал тургай, Лунара өзү да кыйнала түштү. Көпчүлүгү бул болгон окуяга ишенген эмес. Бирок китепти окуган адам, жүрөгү ооруп, кээде өтүп баратып Лунарадан кызыга сурап да жүрүштү .
Чоң залда астыртан карап турган Динара Лунанын сөздөрү чындык экенине ишенип, китебин сатып алып, окуп көрүүнү чечти. Кай жерде, кайсыл айыл же шаар... Ушунун баарын билүүсү керек, балким ачылбаган сырлар бардыр. ***
********
Китебине кол тамга койуп таратып, кубана, күйөрмандары менен коштошуп чыккан Лунара менен Амир өзүн дал ошол залдан күтүп турган караанды көрө койду.
Кубанганынан көзүнө жаш келе, буттары акырындан кыймылга келип , колуна таяк кармап болсо да басып, кызын күтүп турган Аскатты көрө койду.
— Атаке? ...
Лунаранын ушул сөзү Аскаттын кулагына жаңыра түштү. Башын буруп жалт карап алды.
— Сен мыкты кызсын! Мыкты сүйлөдүң китебиң да мыкты. Сен менен сыймыктанам!
Аскат ичиндеги сөздөрүн көз жашы менен кошо айтып, Лунара атасынын кадам таштаган буттарып карап алып, кубана түштү. Кеткенине бир канча жыл өткөн. Бирок оор операциядан кийин кыйладан соң кызынын китебинин ачылышына келген Аскат Лунарага күтүүсүз белек кылуусун ойлоп, эч нерсе айткан эмес.
— Баарын койуңузчу атаке! Мен сиздин басып кеткениңизге Кудайга миң шүгүр дейм.
Атасын барып бекем кучактап алган Лунара чын эле атасын катуу сагыныптыр. Кужайга миң мерте шүгүр айтып, жанында жүрүп, ошончо жардам берген Амирге карай акырын шыбырап алды.
— Рахмат сага.
Амир да кызга жооп кыла, жылмайып койду.
*********
Тинатин менен Рамис өз жашоолорун өткөзүүнү ойлоп, башка шаарды көздөй жөнөштү. Бул шаарда артынан бир гана жамандык ээрчибесе башка нерсе болчуудай эмес. Кубат да Алинасын алып эчак эле жөнөп, Аман менен Сезим башка шаарды көздөй сапар алышты.
•••••••••••••
Бир канча күндөн соң китепти ачып окуп чыккан Динара акырын китеп боюнча көрсөтүлгөн жерлерди текшерип көрүүнү чечип, таң атпай айылдагы көчө менен чуркап баратып, токой аралай ичине кирип, тээ ары жагында жайнаган чытырман токой аралап кирип барды. Барган сайын, сасык жыт чыгып, мурун өрдөйт.
Динара улам- ары жол улап, .бир убакта үстү үйүлүп, эски болгон көрүстөндөрдүн он чактысы жайнап турганын көрө жүрөгү оозуна кептеле түштү.
Лунаранын китепте жазганы, Белес муунтуп өлтүрүүгө аз калганы, Белестин оорулуу экенин билбеген абалда жакшы көргөн каарман Лунара өзү экенине ишеним арта, Динара колундагы телефонун ала коңгуроо чалып кирди.
— Тезде жетип келгиле. Жоголгон кыздар менимче табылды окшойт.
Аягы.
Кутман таң достор 😍
. Мени урушуп, жаман көрүп кетпедиңиздерби? Жалганчы болуп калдым,сөз берип алып. Мен баары бир жакшы көрө берем сиздерди. Акыр аягы бүтүрдүк окшойт кечиктирип жүрүп болсо да.
Сиздер үчүн таңга чейин болсо да жазып чыктым мынтип. Менден капа болсоңуздар кечирим сурайм. Акыркы убакта жоопкерчиликтүү боло албай калып кеттим.
Чыгарма тууралуу ойуңуздарды күтөм достор.Сиздерге жактыбы? Кай жери? Кандай каармандар менен кыэыктыра алдык сиздерди? ☺Эгер жаккан болсо мен кубанычтамын. Эмгегим текке кетпегине, жана да мени менен бирге болгондоруңуздарга, кечиккен убактымда түшүнгөнүңүздөргө терең ыраазымын. Мага сиздердин берген акыл кеңешиңиздер кадимкидей күч болду .
😘😘😘Сиздерди жакшы көрөм. Телефонум катып, ката жазылса да жазып бүттүм окшойт. Кийин акырындан оңдоп баштайм ☺
Баары үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем жакшы көрөм 😘😘Таңкы саат 5:04 кө дейре жазыпмын. Кечээ кечке больницага бардым анан дары издедим. Жазган дарылары жок экен эле. Ошентип отуруп кеч кирип кетти. Жалганчы болуп калганым үчүн кечирим сурайм жакшыларым.
Урматым менен автор Айзирек Бектенова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 153