Ак жол сага, бүтүрүүчү!
Балыкчы шаардык Кеңешинин төрагасы Сартбаев К.Р. жана шаардык Кеңештин депутаттары Давлетова С.Б., Аширалиева М.К №4 гимназия мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземине катышышты.
Алтын тамгалардын ээси болгон 4 бүтүрүүчүгө алтын медаль жана кызыл аттестат, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Жылкыбаев У.К. атынан ардак грамоталар тапшырылды.
Балыкчы шаарындагы жаңы ачылган гемодиализ борбору алгачкы бейтапты кабыл алып, ишке киришти.
Бейтаптын акыбалын сурап жана борбордун иш процессине шаардык Кенештин торагасы К. Сартбаев кубо болуп келди.P.S. Бишкек шаарынан атайын практикалык жардам көрсөтүү үчүн келген адистерге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
1-июнь күнү жыл сайын Балыкчы шаарынын мэриясынын ысымдуу стипендиялары окууда, спортто ж.б тарамактарда ийгиликке жетишкен окуучуларга тапшырылды. Иш-чарага шаардык Кеңештин төрагасы жана шаардын мэри катышып жылдын мыктыларын куттукташты.
Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 55 окуучуга 1000 сомдон 55 000 сомго стипендия берилди.
“Биздин балдар планетанын келечеги” акциясынын алкагында шаардык масштабдагы майрамдык иш чара мэриянын аянтында өткөрүлүп, балдар билим борборунун шаар тургундарына чоң программадагы балдарга арналган концерти тартууланды. Майрамдык иш-чарада асфальтка сүрөт тартуу конкурсу, көңүл ачуучу флеш-моб, кол эмгекчилердин жана сүрөтчүлөрдүн мастер класстары көрсөтүлдү.
Шаардык “Жаштар Ордосунун” лидерлери “Биз балдардын жол коопсуздугун коргойбуз!” акциясын жол коопсуздугу кызматы менен бирдикте спорттун веложүрүш түрү менен өткөрүштү.
Балдарды коргоо күнүнө карата жалпысынан 206 000 сом сарпталды.
1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Балыкчы шаарындагы Э.Думанаев атындагы маданият үйүндө атайын майрамдык театрлаштырылган концерт коюлду.
Бул концертке Балыкчы шаардык Кеңешинин төрагасы жана шаардык Кеңештин депутаттары катышып, Балыкчы шаардык Кеңеши жана Балыкчы шаардык мэриясы тарабынан камдалган белектерди мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга тапшырышты.
Салтка айланган балмуздактар дагы таратылды.