АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ.
Жыйырма жетинчи болум.
Эрте менен биз чай ичип отурсак Алмаз эшиктен кирип келип, ата-энесин ээрчитип алып чыгып кеткен. Алардын базарда жумуштары бар окшойт. Андан ары автобузга салып коём деп кеткен. Мен алар менен болуп жатып жумушка бир аз кечигип келдим. Жумуштарымды буткоруп коюп столго келип, адатымча терезени карап ойлонуп отурдум.
Кун ото берет турбайбы. Жакында жаны жыл келет. Бул жылдын кандай отуп кеткенин да билбей калдым. Быйыл мен Аман менен бактылуу да, кайгылуу да кундорду откордум. Мына эми кечээ Аманымдан биро толо айрылып, экообуз эки жолго туштук. Умутубуз очуп эми бири бирибизге жетпешибизге толук козубуз жетип ишенип отуруп калдык. Эми мен Аманды