Жыйырма жетинчи болум.
Эрте менен биз чай ичип отурсак Алмаз эшиктен кирип келип, ата-энесин ээрчитип алып чыгып кеткен. Алардын базарда жумуштары бар окшойт. Андан ары автобузга салып коём деп кеткен. Мен алар менен болуп жатып жумушка бир аз кечигип келдим. Жумуштарымды буткоруп коюп столго келип, адатымча терезени карап ойлонуп отурдум.
Кун ото берет турбайбы. Жакында жаны жыл келет. Бул жылдын кандай отуп кеткенин да билбей калдым. Быйыл мен Аман менен бактылуу да, кайгылуу да кундорду откордум. Мына эми кечээ Аманымдан биро толо айрылып, экообуз эки жолго туштук. Умутубуз очуп эми бири бирибизге жетпешибизге толук козубуз жетип ишенип отуруп калдык. Эми мен Аманды бир да корбойм! Аман жакшы болуп уйуно бараары менен Гулжанга уйлонот! Гулжан бул жаны жылды ото чон кубаныч менен, ото чон бакыт менен тосуп алгыдай. Ал кандай гана бактылуу! Ал болгондо да озунун канча жылдан бери суйуп, кутуп жургон жигитине баш кошот! Сабырдын тубу сары алтын дейт беле? Чыдап кутту эле, мына эми Аман мага жетпей калып, кайра эле эски суйуусу Гулжанга кетти. Бактылуу болушсун! Андан болок эмне дей алмак элем!
Кечинде Гулмира мени машинасы менен уйго таштап коюп отуп кетти. Уйго кирип Алмаздын келишине тамак даярдадым. Сууга тушуп чыксам да Алмаз келбеди. Аны кутуп телевизор коруп отуруп уктап кетиптирмин. Катуу уктаппын. Алмаз уйго кирип жаныма отуруп алып мени бетимен ооп жатканда чочуп ойгонуп кетиптирмин. Коптон бери Алмаз менен чогуу болбогонго чочусам керек. Мурда деле мени ушинтип ойготчу. Анда мен ошол жерден эле колумду анын мойнуна орочумун. Алмаз менин уктап жатканымды копко чейин тиктеп отурган окшойт эле. Ал мени чачтарымдан сылап, кайра кайра мойнуларымдан жыттагылап кирди.
- Тамак жейсинби ? дедим ага.
- Жок жебейм. Сени сагындым!
- Саат канча болуп калды дедим. Ал колундагы саатты мага коргозду. Саат он экиден отуп калган экен
- Саат жата турган убак болду жаным! Жур деп ал мени которуп алып уктоочу болмого алып кирди. Алмаз мени чындап эле катуу сагыныптыр. Кумарлуу коздору менен кайра кайра козумо тигилип, мени бекем кучактап эринимден суйуп, моюнумдан жыттап жатып мени чечиндирип салды.Ал жан эргиткен создорун айттып бут денемди эритип, мени балыктай туйлатып, ал туну Алмаз экообуз тээ бир убакка чейин уктабай махабат отуна чомулуп жаттык.
Эрте менен турсак саат ондон отуп кетиптир. Алмаз шашылып кийинип, мени кайра-кайра тойбой опкулоп жатып чыгып кетти. Мен жумушка эмне деп бармак элем? Уялганымдан телефон чалып ооруп калдым деп айтып койдум. Тушто мага Гулмира келиптир.
-Ооруп жатыпсын. Дагы эмне балекет болуп кетти? Барып эле оз козум менен коруп, келейинчи деп, келдим деди ал мага таныркай карап. Мен ага аябай кулдум.
-Гулмира оорубай эле сопсоомун! Болгону тундо уйкудан калдым дедим. Ал бир азга тушунбой,
- Эмнеге? кандай уйкудан каласын? деп... барып кулуп жиберди. Экообуз каткырып копко кулдук.
- Байкуш Алмаз, анан эмне ал анчалык сага таарынат деп Гулмира мени менен суйлошуп отуруп калды. Туштон кийин ал да эринип жумушка барбай койду. Аны сурап иституттан кыздар чалышкан экен
- Алтынай ооруп, Гулмира ошонукуна кетти дешиптир жумуштагылар. Анан кыздар мага чалышат. Ооруп жатса сурап коёлу дешип. Гулмира аларды да
-тез келбесенер болбойт деп жатып, дос кыздар жок жерден биздикине келип суйлошуп отуруп кетишти. Анын устуно эртеси дем алыш кун эле.
Алмаз ал куну да тундо мен уктап жатканда келди. Эртеси куну Алмаз экообуз тен уйдо болдук. Ал экообуз бир да Аман тууралуу соз кылбадык. Экообуздун ортобузда болуп откон тушунбостуктор жонундо да суйлошподук. Билбейм Алмаз бир чоон балээден кутулгансып, озунчо менден конулу тынч. Экообуздун мамилебиз мурдагыдай эле уланып кетти. Мен да бул ирет Аманды эстеп мурдагыдай ичимден эзилбедим. Себеби мен эми Аманды эстесем жанында бактылуу болуп отурган Гулжанды кошо эстей турган болуп алдым. Мен Аманды Гулжанга берип койгондой болуп журдум акыркы кундору. Бирок Гулжан канчалык бактылуу болбосун Амандын журогунун тубундо мен бар экенимди, ал созсуз сезерине ишенем!
Алмаз экообузго жаны жылга деп быйыл кутулбогон чон белек болду. Аяш энем бизге чет олкого эс алып келгенге жолдомо берди. Мен ага аябай суйундум. Чындап эле коп нерседен чарчап кеттим эле. Барып жакшы эс алып келбебиз деп, суйунгонумдон Алмаздын мойнуна асыла кеттим. Ага баары кулуп калышты. Аяш энем, Алмаз экообуздун мамилебизди жакшыртуу учун атайын ушундай аракеттерди жасап жатканын мен тушунуп эле турдум! Бирок кээде тан калып калчумун, аяш энем Алмаз менен да кайнатам менен да жакшы суйлошуп, аларга жакшы мамиле жасачу. Оздорунчо алар кээде кубурошуп бирдемелерди башкалардан жашыра суйлошуп жаткандай боло берчу мага. Ичимен булардын ортосундо эмне сыр болмок эле деп кайра конул бурбай каламын.
Биз чет олкодон кайтып келээрибиз менен эле, мени кайнатамдар торкулотушуп ата-энемдин уйуно алып барып келишти. Апам куйоо баласы Алмазга деп, аябай жакшы сарпай кылыптыр. Кийимдери бут импорт. Башына норка тумак кийгизишти. Гулмира айтмакчы аларды кийгенде Алмаз куйоолордун мырзасы, жигиттин жигити болуп эле жатып калды.
-Алтынай куйоонду карачы, келишкен мучосуно кийимдердин жарашканын. Кен далысы чыгып тону да жакшы жарашыптыр деп Гулмира Алмазга суктана карап турду. Негизи Гулмира башынан эле Алмазды эркек катары жакшы баалочу. Анын бой келбети, коп суйлобогон оор мунозу, баскан турганы баары Гулмирага жакчу.
-Эркекке тийешелуу сапаттардын баары Алмазда бар деп ал мага коп айтып калчу.
- Койчу Гулмира Алмаз бийлегенди билбейт. Бир жерге барсан Алмаз бийлебей эле мени тиктеп отура берет. Ага жон койсон мени озунун жанына отургузуп алып, колумдан кармап отура берсе, деп мен суйлонуп калар элем. Бирок мен азыр Алмазды такыр башкача коз менен карап турдум. Алмаз чындап эле козумо сымбаттуу да суйкумдуу да корунуп турду. Анын устуно ал экообуз чет жакта эс алып келгенге ортобуз аябай эле ыссык болчу. Ал жакта Алмаз экообуз бассак турсак чогуу болуп, дайыма кол кармашып, кочодо журсок да ээн эркин кучакташып коздорубуз кадала обушо калчубуз. Экообуз чогуу уктап чогуу ойгонуп бири-бирибизге эркелешип, кээде жаш балдардай куушуп ойноп, ал кундордо экообуздон откон бактылуу адам жок эле. Алмаз экообуз башыбыздагы бардык нерселерди унутуп жакшы эс алып кайттык. Кундун кандай тез отконун да билбей калдык.
Бугун мынтип эки тарап бири-бири менен сарпайлашып, эки дос (атам менен кайнатам) кудай кошкон куда болдук, тууган болдук дешип кайра кайра кучакташып суйунушуп манаайлары жакшы. Эки дос балдырына ак батааларын беришти. Отургандардын баары эле Алмаз экообузду балалуу болуп, Насыр менен Кундуз небере кучактап отуруп калышсын, кеч куздо бешик тойго баралы дешип батааларын берип, уйдун ичинде тамаша кулкулуу создор менен баары ызылдашып конулдуу отурушту.
Ошентип ал кун да отуп Алмаздын ата-энеси бир милдетинен кутулушуп, оздорун женил сезип уйундо эс алып отуруп калышты.
Алмаз экообуз Ошко келип тирилигибизди улантып жаттык.Ошто биздин уйго досторубуз коп келет. Айрыкча Алмаздын достору. Бугун да Гулмира экообуз жумуштан чыгып келсек, уйдо Алмаз менен досу Азамат бар экен. Алар экоо дайыма чогуу журушот. Жумуштары ошондой. Алмаз да Азаматка аябай конуп калган. Айрыкча Аман келип кырсыкка учурап, Алмаздын ошол оор кундорундо, мына ушул досу Азаматтын ото коп пайдасы тийип жургон.
Биз Гулмира экообуз уйго кирип эле, ашканага кирип кеткен элек. Бир убакта Алмаз чыгып
-Алтынай уйдо мейман бар деп калды. Корсо бугун Азаматтын суйлошкон кызы Фрунзеден келиптир. Бир жумадай бизде жашап турушат деди Алмаз. Мен унчукпадым. Азамат баарыбызды ал кыз менен тааныштырды. Ал куну аларды коноктоп баарыбыз чон болмодо отурдук. Гулмира кетем дегенин, даяр машина бар тамак жеп кетесин деп жонотпой койдум. Чынын айтсам ал кыз мага коп жага бербеди. Гулмира экоо бир аз суйлошуп олтурушту.
- Азамат мени коргусу келип калган экен, сегизинчи мартка Ошко барып майрамдап келейин деп, атайын келип калдым, деп чоёндоп мактанып, орусча аралаштырып суйлоп отурду. А чынында аны Азамат чакырбаптыр деле. Озу анын артынан келиптир. Аны мага кийин Алмаз айтып берди. Ал куну Гулмира биздикинен кеткенден кийин, Азамат ал кыз менен чон болмодо жатты. Биз уктоочу болмодо. Бирок мен аларды коп жактыра бербедим. Азаматка да жактырбагансып суйлоп журдум. Биздикинде эки кун турушту. Кийин каякка кетишти билбейм. Азамат кийин менден копко чейин уялып журду. Ал кыз Азаматка ылайыктуу деле кыз эмес болчу.
Кундор билинбей ото берет экен. Апрель айы аяктап бараткан эле. Бир куну эле Алмаз келип эртен эрте менен айылга барышыбыз керек. Иним Азим суйлошкон кызын ойдо жок жерден алып качып келип алыптыр деди. Мен кулуп эле
- Охо! абысындуу болгон турбаймынбы дедим. Алмаз бир аз ойлонуп туруп
- Эртен жумушуна жолугуп эки уч кунго жооп алсан жакшы болот эле деп калды. Алмаз экообуз буга чейин да суйлошкон элек. Мен арыз жазып жумуштан кетсемби деп жаткам. Себеби СССР таркалып, жумуш орундары кыскара баштаган эле. Магазинде баары кымбаттап, эл арасында ар кандай имиш создор журуп жаткан болчу. Эгер биздин жумуш орундар кыскара турган болсо, биринчи болуп мен кетишим керек. Ошондуктан эртерээк эле, озум арыз таштап, жумуштан бошоп алсамбы дегенмин. Алмаз менин оюма макул болду.
Эртеси арызды жазып берип, Алмаз экообуз айылга отуп кеттик.
Азим кайним, менин классташым эмеспи! Ошондуктан эки уч кун биздин уйдо менин классташ балдарым болушат экен. Анын устуно ага кайнатам чон той кылбай турган болду. Жон эле, ошол куну эки жашка той кийимдерин кийгизип, достору менен шаарга ойнотушуп келе турган болушту. Кечкисин уйдо кыз кууп келген кудаларды, Азимдин досторун коноктой турган болдук.
Мен бул уйго келин болуп келгенден бери бугункудой кызмат кыла элек болчумун. Уйго келгенден баштап эки билегимди турунуп алып, жаным тынбай тарсылдатып кызмат кылып журдум. Мени коргон элдин баары, менин кылган кызматыма оздорунчо ыраазы! Бир убакта эки жашты уйдон чыгарып батаа беришип шаарга узатып калышты. Кайнатам баш болуп туугандар баары, мени да баланын женеси болуп, алар менен чогуу шаарга барып кел деп калышты. Мен когоруп болбой койдум.
- Классташ балдар менен чогуу ойноп келем деп, Алмазды кызгандырып отурайынбы дедим кайненеме. Ошол созумдон кийин баары унчугушпай калышты. Анын устуно арасында Касым да бар.
Алмаз мени азыр, мен корккончолук эле кызганбайт. Бирок керектуу жерлерде жакшы эле кызганып коёт. Анын ал мунозун билгенден кийин мен озум да этияттанып турам.
Абысыным жакшы келин болуп чыкты. Озу да жонокой мугалим кыз экен. Мен аны кайненеме окшотуп койдум. Унчукпай кызматын кылып журо берет. Кайним экоо бирин бири жакшы сыйлашат.
Мен ушул келин келгенден баштап тынчсыздана баштадым. Мага ошол куну эле баары кулак кагышкан эле.
- Алтынай! Сен эми эртерээк торо! Сенден кийин келип, жаны келин тороп берсе, озунчо жаман болуп каласын. Эртерээк врачка корун дешип оздорунчо соз кылып жатышкан.
Чындап эле, абысынымдын келээри менен боюна бутуптур. Ичи бир аз билинип да калгансыптыр. Аны коруп мен озумчо ичимден кыжаалат болуп ыйлагым келип журом. Врачтарга барып дарыланып баштадым. Азырынча дайын жок.
Акыркы убактарда айылга да коп барбай койдум. Анын устуно Гулмира экообуздун чогуу бизнесибиз бар эмеспи. Экообуз дагы деле ээрчишип журобуз. Азыр Гулмира кобунчо биздикинде. Алмаз жумуштан коп кечигип келет эмеспи, ошондой кундору жатып калып журуп, ал да биз менен жашап калган. Айрыкча мен ага конуп калгам. Ал жок болсо кайра кайра телефон чалып, уйдо жалгыз отура албай калгам. Алмаз да Азаматты ээрчитип уйго коп келет. Кээде атайын келип туштонушуп кетишет. Тортообуз кээде ээрчишип алып , эс алып кафелерге же кино концерттерге барып калабыз. Бугун да дем алыш куну эс алып келебиз деп шаардын четине чыкканбыз. Тортообуз жерге кок чоптун устуно колокого дасторкон салып тегерене эс алып суйлошуп отурабыз. Азамат бир чекеде бизге далысын сала, алыска коз чаптырып озунчо ойлуу олтурат.
Мен кээде ушул Азаматка тан кала берчумун. Ал озу аябай жакшы жигит. Бой десе бою, ой десе ою бар жигит. Кашы козу карарып сулуучан келген, мунозу адамды тушуно билген акылдуу жигит. Ал бойдок болгону менен кыздардга коп конул бура бербейт. Жанагы Фрунзеден келген кызы менен суйлошпой калгам деп калат анан билбейм? Канчалаган дос кыздарыбыз Азаматка ашык болуп журду. Тамашалап ага айтсак кулуп эле бир шылтоону айтып эптеп кутулуп кетет. Озу да Алмаздан бир жашка улуу уйлонойун деген ой жок. Мен Азаматты карап ушуларды ойлонуп жатып, ага соз ыргыттым
- Азамат эмне уйлонбой журосун? Же кыздар менен суйлошпойсун! дедим. Гулмира да кызыгып мени коштоп
- Ошону айтсан. Биздин досубуз Самарага деле конул болбой койдун? деп ага карап кулуп калды. Азамат бул жолу ойлонуп эле отуруп калды
- Ушул сен бироону катуу суйгонсун! Ошондуктан башкаларга конул болбойсун дедим. Билбейм журогундо дайыма бироону сактап жургондойсун дедим.
- Ооба Алтынай, туура байкагансын, мен чындап эле коптон бери бироону суйуп журом деди ал. Гулмира экообуз тиктеше кулуп койдук. Карасам Азамат тамашасы жок эле чын айтып жаткандай. Алмаз болсо биздин созубузго конул болбой эле озу менен озу болуп бир буюмун колуна кармап алып чукуланып отурат.
- Анан? Ал кыз билеби, сенин суйоорунду?
- Жок билбейт, деди Азамат башын чайкап.
- Айткан эмессинби?
- Жок! Айталбайм.
- Эмнеге? деди Гулмира ага таныркай. Ал жооп бербей унчукпай эле ойлонуп, алыстан козун албай тиктеп отура берди
- Ал кыз кандай кыз экен, сен айталбаган? Кызык! Ал озу каякта? дедим мен.
- Ал ушул жерде. Аны кундо коруп турам. Дайым эле ага айтам дейм. Бирок айта албай келем. Мен айткан кундо да, ал эмне дейт билбейм? Себеби ал мени буга чейинки Фрунзеден келген кызымды да коргон деди. Биз Гулмира экообуз тан кала тиктешип калдык.
- Азамат ким ал? Мен тааныймынбы? дедим ага суролуу тигиле.
- Ооба Алтынай сен аны ото жакшы тааныйсын! Бугун да ага айтсамбы деп, кантип айтышты билбей ойлонуп отурам деди Азамат. Мен козумду чоон ачып эле бир аны, бир Гулмираны карадым да Алмазды турткулоп
-Алмаз! Алмазчик! Тур ордундан жаным. Биз экообуз азыр, бул жерден тез кетишибиз керек деп аны колунан тарткылап ордунан тургуздум. Ал эч нерсеге тушунбой эле
- Эмне болду? Каякка барабыз? деп берки экоону караса, экоо унчукпай эле ойлуу отурушат.
- Жур Алмаз кеттик деп аны колтуктап алып, ал жерден жылып кеттик.
Сентябрь айы. Алмаз экообуздун баш кошконубузга бир жылдан отуп баратыптыр. Гулмира экообуз айылга келип кайненеме памидор, бадыран туздап, андан сырткары да салаттарды кайнатып банкаларга жаап бердик. Эки кундон бери аябай коп банка жааппыз. Кайненем да аябай суйунуп калды.Гулмира бугун кечинде Ошко жоноп кете берди. Мен Алмазды кутуп айылда калып калдым. Ал бугун кечинде келмек, эртен биз да Ошко кетмекпиз. Кун батып куугум киргенде Алмаз уйго машина менен кирип келди. Мен очоктун башында оюмда эч нерсе жок жыйынып жургом. Абысыным тамак жасап жаткан. Элиза да биз менен аралашып бизге эркелей ойноп жургон. Алмаз туура бизге басып келди. Анын онун коруп коркуп кеттим. Аны сезген абысыным уйго карап басып кетип калды. Ал келип эле мени бир колу менен желкемден халатымдан мыжыга кармап озуно жакын тартты. Мен чочуп кеттим.
-Сен эмне, мени эч нерсени билбей журо берет деп ойлодун беле? деди Алмаз козу менен мени атып жибергидей карап.
- Мен эмне кылдым сага? дедим тушунбой. Ал мени жаактан ары катуу чаап жиберди. Элиза бизди коруп коркконунан, кыйкырып ыйлап жиберди. Алмаз болгон жини менен нарыда турган челекти тоголото бир тепти. Челек антарылып тушуп жердин бетине суу жайнап кетти. Кайнилерим энем бизге чуркап жетип келишти. Алар келгенде Алмаз мени жакаман кармап булкулдатып кирген болчу. Башыман жоолугум жылмышып желкеме тушуп калыптыр.
- Алтынай, эмнеге ал суроттор Айбекте журот? Эмнеге аларды сен жок кылып салган эмессин? Сен качанга чейин мени унчукпайт деп, оз билгенинди жасап журо бересин! деп жаткан болчу. Кайнилерим анын колун менден аран тартып алышты. Алмаздын, мени уйундогулордун козунчо, айрыкча абысынымдын алдында мага кылган мамилесине аябай арданып кеттим. Ызама чыдабай ыйлап кирдим. Энем Алмазды уйго кир, уйдон суйлошобуз деп жатты. Атам уйдо жок эле. Алмаз азыр келем деп кочого чыгып кеттип калды. Бизге баары эле тушунбой калышты. Анын устуно булардын уйундо мындай жанжал биринчи жолу болуп жатышы эле. Энем мени
- Алтынай бети -колунду жууп уйго кир деп калды. Мен бети колумду жууп бутуп карасам, баары уйго кирип кетишкен окшойт эч ким коруно бербеди. Карангы кирип калган экен. Мен эч кимге билдирбей кочого чыктым да апамдардыкына кетип калдым..
Уйго келсем, уйдо атамдын инилери менен женелерим келишкен экен. Баары верендада сорудо дасторконду тегеректей каткырышып конулдуу отурушкан экен. Менин кирип келгенимди корушуп, баары мени онумдон эле сезишти окшойт. Унчукпай эле отуруп калышты. Аркы уйго кирип кеттим. Артымдан апам бир женемди киргизиптир. Экообуз суйлошуп отурсак сырттан машинанын уну угулгансып калды. Корсо Алмаз ата-энеси учоо машина менен келишиптир. Аларда келип соруго отуруп калышты. Канча отурушту билбейм? Мен ыйлап тетири карап жатып алган элем. Бир убакта женем кирип
- Кыз сизди атаныз чакырып жатат, журунуз! деп мени кутуп калды. Айласыздан чыктым. Атам мага карап
- Алтынай, сен азыр уйуно кет кызым! Сага айтып коёюн Менин эшигимдин алдына экинчи мындай болуп, болор болбос нерсеге таарынып келбегин! деди. Менин козумдун жашы куюлуп жатты. Кайненем сорудон тушуп
-Жур кызым кетели, уйго барып суйлошобуз. Бул жакка келе бербей, бир аз сабыр кылып турсан кайнатан келет эле го! Озубуз эле суйлошуп чечип коё турган ишке, эмнеге бул жакка баса бердин?! деп ал кейип калды. Мен унчукпадым. Атамдарга таарынгансып, ыйлаган бойдон машинага келип озум эле эшигин ачып ичине кирип отуруп алдым. Мен ичимден озумдун ата-энеме аябай капа болуп ыйлап жаттым. Жок дегенде экоонун бироосу
- Кызым эмне болду, эмнеге капа болдун? деп бир ооз сурап коюшпады! Ыйлап отурсам Алмаз келип эшикти ачып энкейе берип мага карады. Анын оозунан арак жыттанып кетти. Ал жана кочого чыкканда ичип алган окшойт.
- Алтынай туш машинадан! Сен азыр атамдарга Айбектеги суроттордун баарын жок кылам деп соз бересин! деди .
- Алмаз балам эмне эле болуп жатасын? Отур машинага кетели деди энем баласына.
Алмаздын артынан баары аларды узатып сорудон тушуп келишип калышкан эле.
- Алтынай эмне отурасын туш дейм! Алмаз унун мага бир аз которуп суйлоду.
-Тушпойм!
- Тушосун! .
- Алмаз мен тушпойм! Эгер тушо турган болсом, кайра машинага чыкпайм! дедим жиним келе чечкиндуу суйлоп. Ал мени тиктеген бойдон туруп калды. Баары бизди карап турушкан эле. Жанатан бери бизди унчукпай карап турган кайнатам.
- Алмаз! Отур машинага коп суйлобой деп буюра суйлоду. Ал унчукпай келип отуруп машинаны айдап, биз атамдын уйунон чыгып кеттик.
Уйго келип эле мен озубуздун болмого кирип кеттим. Чыкпадым. Саат ондон отуп калган экен. Баары оз ордуларына кирип кетишти. Алмаз дагы кочого чыгып кетти. Туну уктап жатсам Алмаз келди. Аябай мас. Саат он экини корсотуп турган экен. Алмаз менин мээмди жей баштады. Кой маска тенелбейин деп алдасам да болбоду. Эски жаратымды козгоп, Алмаз тан атканча мага Аманды айтып, жок эле Амандан мени кызганып чыгып кетти. Танга жуук Алмаз уктап калды.
Мен ыйлап Аманымды эстеп жаттым. Аман экообуздун суротубуздун баарын мен Айбеккке каттырган элем. Аман Ошко келгенде Айбек Аман экообузду армансыз эле аябай коп суротко тартып алган эле. Ал жалан менин суротторумдон фото коллекция кылып атайын бир альбом ачкан. Аны мага коргозгондо менин оозум ачылып, Айбектин талантына ошондо баа бергем. Ал жерде Аман да бар. Кечээ Алмаз ал альбомду коргон эмес. Болгону ал Айбекти тойдо коруптур. Айбек чемодандын ичине Аман экообуздун суротубузду чаптап алган. Озун реклама кылган атайын альбом ачып анда да менин Амандын суроттору бар эле. Ошону коруп калыптыр. Бирок Алмаз эч убакта Аман экообуздун суротторду жок кыла албайт. Мен Айбектеги альбомду жанымды берип болсо да сактап калам. Айбек да ошентсе керек.
Эртеси Алмаз тушко чейин уктап жатты. Мен да шашпай эле тургам. Сорудо баарыбыз чогулуп чай ичип отурганда мен кайнатама
- Ата, мен Алмаз менен башка жашай албайм. Бизди азыр ушундайыбызда, ортобузда бала жок кезде ажыратып салгыла! Баарыбызга жакшы болот деп ыйлап жаттым. А кечээги сурот боюнча аларга тушундуруп айттым. Ал менин Алмазга чейинки суротторум! Аларды мен озум, бир да коргон эмесмин деп койдум. Ошентип отурсак кайнатамдын бир тууган эжеси келип калды. Ал аябай сурдуу адамдын конулуно карабаган, бетке айтып суйлогон эркекче аял эле. Ал келгенде мен ордумдан туруп кеттим. Ага чай коюп жатсак Алмаз туруп келип бети колун жууп ал да, алар менен чай ичип отуруп калды. Абысынымдын ичи билинип беш айлык болуп калган эле. Бир убакта эле ал эжебиз бизди карап отуруп
- Алмаз! Катынын качан тууйт? Туубаса нары горго жок кыл! Сулуулугун эмне, бышырып жейт белен? Туубагандан кийин, анын сулуулугу башында калсын! деди. Мен ошол жерден эле ыйлаган бойдон уйго чуркап кирип кетип калдым.
Декабрь айы.Кыш. Биз баарыбыз Гулмира менен Азаматтын тоюнда чон ресторанда журобуз. Чынын айтсам аяш энемдин кубанычында чек жок. Ал озу айтып журчу эле
-Алтынай! Гулмира сени менен чогуу журуп жакшы адамга туш келсе экен дейм! деп. Мына бугун ошол тилеги ашыгы менен орундалып, аяш энем бугун эн сонун, эн акылдуу, эстуу жигит Азаматка кызы Гулмираны узатып жатат. Гулмиранын торт айлык боюнда бар. Алар буга чейин эле жашап алышкан эле. Айткандай Алмаздын бир окуясын силерге айтып берейин. Азамат менен Гулмира жаны эле кыз жигит болуп ээрчише башташкан эле. Биз Алмаз экообуз бир куну, айылдан тан эрте менен уйго кирип келдик. Келсек Азамат менен Гулмира биздин уйдо жатышыптыр. Биздин келгенибизди корушуп алар да ордуларынан туруп кийинип калышты. Алмаз мени менен ашканада эле отурган болчу. Кандай чыгып кеткенин байкабай калыптырмын. Бир убакта эле чон болмодон Гулмира кыйкырып, дупур -дупур деген ундор чыгып калды. Чуркап эле кирсем Алмаз, Азаматты бурчка такап алып муштуму менен башка козго берип жатыптыр. Гулмира экообуз кучубуз жетпей жатып аран ажыраттык. Арасында Алмаздын колу мага да тийди. Азаматтын бети канап, аябай эле ызы чуу болгонбуз. Алмаз, Гулмираны Азаматтан кызганып урганын мен ошондо эле тушундум. Гулмира ыйлап Алмазга суйлонуп кирди. Мен ага айттым
- Гулмира Алмаз сени кызганып жатат! Сен эмне тушунбой жатасынбы? дедим. Кийин ал окуяны эстеп алып копко чейин кулуп журдук. Азаматтын бети копко барып анан айыкты. Алмаз болсо
- Гулмира менин бир тууганымдай болуп калган. Ошого кызганып кеттим деп калат. А бугун Алмаз Азаматка жакын куйоо жолдош болуп анын жанында журот! А мен Гулмираны жандап, жакын дос кызы болуп журом. Чон кызматтагылардын тою да башкача отот экен. Мен мындай тойдо биринчи жолу болушум!
Январь айынын этегинде абысыным кыз тороду. Биринчи небересине кайнатамдар аябай суйунушту. Биз Алмаз экообуз да оор которунуп барып белектерибизди берип кайттык.. Кызга деп аябай коп кийимдерди сатып алган элем. Абысыным аларды коруп коздору жайнай суйунуп эле отуруп калды. Мен аны колума алып отурдум. Менин ушунчалык журогум эзилип балалуу болгум келип кетти. Алмазды карасам, мени кулуп эле тиктеп отурган экен. Анан эле жанагы эжебиз келип калбадыбы? Эшиктен кирип келатып эле
- Баланы бери алгыла! Ага карматпагыла, сугу тушот! Керек болсо озу тууп алсын деп дагы суйлонуп баштады. Мен дагы уйдон ыйлаган бойдон чыгып кеттим. Алмаз да менин артымдан чуркап чыгып, экообуз ошол жерден эле кайра Ошко жоноп калдык. Кайнатам эжесин озунчо урушуп кала берди. Кайненем чуркап чыгып мени сооротуп коё тургула, деп уйго кирип боорсок нан каймак алып чыгып бизге туйуп берди.
Ошол куну Ошко келип ооруп жатып калдым. Эжебиздин создору мени адам катарынан чыгарып койгондой эле болуп калды.Ошого ыйлап жаттым. Алмаз келип мени сооротуп опкулоп жатты. Алмаз мени канча кызганып мээмди жеген менен, балага келгенде мага бир да каттуу айтпады. Мен ыйласам дайыма мени аяп турат.
- Ыйлаба Алтынай! Биз да созсуз балалуу болобуз. Азимдер кыздуу болду, эми биз уулдуу болобуз деп мени сооротуп калат. Мен андайда Алмазды карап ичимен ага байкушум деп боорум ооруп кетет. Мойнунан бекем кучактап озумчо ага ыраазы болуп коё бербей тура берем.
Аяш энемдин жардамы менен тааныш врачтар аркылуу мен бугун Фрунзеге дарыланганы учуп кетем. Алмаз мени аэропортко алып келип экообуз копко чейин тиктешип турдук.
- Алтынай, жаным менин! Баары жакшы болот! Биз экообуз кооп балалуу болобуз. Сен коп ойлонуп кыжаалат боло бербе деп ал менин бетимдеги жашты колу менен аарчып, эки козумдон ооп койду. Мен самалётко отуруп Фрунзеге учуп кеттим.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев