Атама
Тамеки сиңип кеткен атакем ай,
Мен үчүн өмүр жыты бейиш жыты.
Буркурап тер жыттанган көйнөгү,
Жашоомун өчпөй турган ырысы.
Шыңгыраган бир күлкүсүн укканда,
Бүт ааламдын эсендиги угулат.
Колдорунан өтүп кеткен жылуулук,
Жүрөгүмү өмүр бою жылытат.
Жөн гана карааны маңдайымда,
Турса эгер дүйнөнү терметемин.
Бир мүнөт жок турса карааны эле,
Эң жапыс нерсеге тепселемин.