ТАГДЫР ОЮНУ. 19-БӨЛҮМ. "«Эркексиңби, аялсыңбы, бир күнү кимдир бирөөгө жүрөгүңдү ачасың. Сенин ошол улуу сезимиңди баккан, бапестеген адамга жолуксаң бактың, жолукпасаң суу жетпеген гүлдөй соолуйсуң. Анткени адам сүйүү үчүн жаралат...»" Бул саптарды кайсы китептен окудум билбейм, бирок чындык экенине көзүм жетет. Мен сүйүү үчүн жаралгам, бирок мени ата-энем сүйө алышпады. Ага чейин алардын кандай жолду басып өткөнү табышмак. Атам өз дүйнөсү менен алек болсо, апам атамдан башка дүйнөнү көрө албады. Кудай акы, азыр айта албайм, ата-энемдин кимиси көбүрөөк бактысыз эле. Кайсы бир заманда өткөн махабатынан жабыркаган атамбы же атамдын жабылган жүрөгүн каккылаган апамбы? Үйдө экөөнүн эч качан үн
ТАГДЫР ОЮНУ. 18-БӨЛҮМ. Азирет Бегимайды колдон ала сыртка жөнөдү. – Кайда? – Аскатка, эми экөөбүздүн тагдырыбыз анын колунда. Өмүрүндө мынчалык жинденип, тагдырына таарынган эмес эле Азирет. Ар дайым жакшы окуя жүз бурчудай, жүрөгүнүн түпкүрүндө бир кереметти күтүп жашачу. Бирок Бегимайдын боюнда бар экенин көргөндөн кийин эч качан андай болбошуна көзү жетти. Эми баласы... Жинденгени ушунчалык, баарын унутуп, Бегимайды түз үйүнө алып келди. Алинадан уялганды да унутуп койду. Дарбазага келип токтогондо Бегимайдын жүрөгү дирт этип алды. Бул үйдө ал бактылуу көз ирмемдерди өткөргөн. Биринчи сүйүүсү Аскат менен көп келишчү. Кудум ошол ортодогу убакыт өчүп кеткендей, кайрадан өзү 17 жаш курагына