Сени эстеген сайын...
Сенделген сенсиздикке сиңип,
Сепилдей сезимге жеңилип.
Сел болуп агып, сен болуп барып,
Серп эте албаган ойлорго багынам.
Сени эстеген сайын...
Унутта калган элестер кайкып учуп,
Канат күүлөп катар учкан турналардай.
Кайталай берет качанкы кайрыктарды
кыйкуулап ... Эске салат унуткарбай.
Сени эстеген сайын...
Ыйбаалуу ырларга сыйбаган акылсыз
ойлор чулгап алат да, ээрчитип жөнөйт
мени эси жок кыялдарга. Эсирип алган
дүйнөм, эчкирип ыйлайт үнсүз кайрадан.
Сени эстеген сайын...
Унчукпаган узун түндө өзүм менен сүйлөшөм.
Ушаланган ойлорумда уурдалган кусалыгымды
Уучтап барып уйкусуз түндөрүңө таштагым бар.
Сени эстеген сайын...
Себелеген сезимден качпаган,
Сен бо
557853545932

Т Т

Булуттардай багытсыз калкылдаган, Буттар басып дарчыдай калтылдаган. Бар болгону, бактымды издеп жүрсөм, Бөрү сындуу, жазмышым алкымдаган. Билем болгон, көп ката, жаңылыштар, Башкара албай кырдаалды алып учкан. Баарын билип, түшүнүп турсам дагы, Барам жүдөп кусадан, сагынычтан. Балын таткан, учурдун ошондогу, Баасын билип, кайратым бошоңдоду. Билсем дагы кездешүү жок экенин, Бийик коюп үмүттү, тосом жолуң. 27.03.2024 ТТ. Москва
557853545932

Т Т

Жаралаган жанды сенин келбетиң, Жалгыз өзүң көрккө бөлөп жер бетин. Жараткандан сураганым бир гана, Жан шеригим болчу менин Берметим. Жашоо кызык, сен бар үчүн Мунарым, Жан эргиткен сүйүүм, арзуум, кумарым. Жан дүйнөнү жабыктырбай асырап, Жандап жүрөөр, жаны бирге тумарым. Жаркылдаган күндөй нуру чырагым, Жакынымсың, жан азыгым, ынагым. Жата калып чанкаганда шимирген, Жароокерим, мөлтүр тунук булагым. Жалган дүйнө, жалган жашоо өмүрдө, Жалгызымсың, шык жараткан көңүлгө. Жаздын жылуу деми өзүң жыттанып, Жаздым ушул ырды сезим жөнүндө 03.03.2024. ТТ. Москва.
578691270435

Аэлита GuNn

Добавила фото в альбом

Показать ещё