Бир кезде Андалусия (Испания) Ислам цивилизациясынын гүлдөгөн очогу болуп турган. Мусулмандар Испанияга б.з. 711-жылы киришип, бул аймакта Ислам дининин нурлары бүт Европаны сегиз жүз жыл бою жаркыратып, илим-билим, маданият, искусство ушундай бир жогорку денгээлде өнүгүп, а турсун Европа өлкөлөрүнүн башчылары, уулдарын, кыздарын билим алдыруу үчүн атайы Андалузияга жибере башташкан. Бул жомоктогудай керемет аймакты португалиялыктар бир нече ирет басып алуу аракетин жасашканы менен, ар жолку соккудан мусулмандар татыктуу коргонушуп, катылгандардын сазайын колдоруна берип турушкан. Мындай ыргак менен мусулмандарды жеңүү мүмкүн эместигин түшүнгөн португалдар ынгайлуу учурда күтүп, ал ара
Показать ещё