Өткөн бир кездерде кедей, бирок аябай диндар аял жашаган экен. Күндөрдүн биринде ал балдарынын курсагын тойгузганга да акча таппай калат, айласыз радиостанцияга чалып Кудайдан жардам сурап кайрылган билдирүүсүн калтырат.
Угармандардын бирөөсү белгилүү атеист эле жана ал тааныбаган аялды шылдыңдап ырахаттанууну каалайт.
Ал аялдын дарегин билип, катчысын чакырып ага кымбат тамак-аштарды сатып келүүсүн буйруйт. Катчы кыз эң жакшы эт, май жана таттуулар менен кайтып келет. Ал башчысынын кийинки буйругун укканда абдан таң калат. Азык-түлүктөрдү аталган дарекке жеткирүү жана эгер аял тамакты ким жибергенин сураса, бул шайтандан деп айтуу болчу.
Катчы аялдын үйүнө жетип ага тамак-аштарды берет. Байкуш аял ушунчалык ыраазы болгонунан, көздөрүнөн жаш агып кетет… Ал катчы кызга тынымсыз рахматын айтат. Качан алар коштошуп башташканда, катчы кыз сурайт:
— А сиз бул тамак-аштарды ким жибергенин билүүнү каалабайсызбы?
Буга аял мындай жооп кайтарат:
— Жок. Бул такыр маанилүү эмес, анткени, Кудай буйрук бергенде, шайтан дагы баш ийет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев