
Мадина доорунда мас кылуучу ичкиликке тыюу салынган аят түшөт. Ошол кезде бир жерде адамдар арак ичип отурушкан эле. Кимдир бирөө: «Ичкилик арам кылынды», - деп жар салып өтөт. Ошондо, мусулмандар ордуларынан туруп, жолдо бараткан жарчынын «ичкилик арам кылынды» деген жалгыз үнүн угаары менен ичкилик куюлган идиштерди талкалап, төгүп башташат. Ошол кезде Мадина көчөлөрүндө ичкилик сел аккан сыяктуу дарыя болуп агат. Андан соң мусулмандар эч качан ичкиликке жакын да барган эмес.
Аллахым биздин коомду да Мадина коомундай такыбаа пенделериңден кыл!!!