
💚Кыргызстан — тоолордун мекени,
💚Тунук суулар, токойлор, кендери.
💚Кылымдарга түбөлүк жашай бер,
💚Өсө бергин, гүлдөгүн, мекеним.
💚Көк асманды тиреген тоолорум,
💚Ак булутту жандаган зоолорум.
💚Жаратканым сулуулук бериптир,
💚Айтып бүткүс эң бир кооз мекеним.